Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) президенттикке талапкерлердин теледебатынын мөөнөтүн аныктады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн талапкерлер КТРК, ЭлТР каналдары, «Кабар» агенттиги, «Кыргыз Туусу», «Эркин-Тоо» гезиттери жана облустук медиа борборлордо акысыз эфир алуу боюнча чүчү кулак кармашты.

КТРКдагы теледебаттар эки тур менен өтөт. Биринчиси — 28, 29, 30-декабрь күндөрү, экинчиси — 6, 7, 8-январь күндөрү.

18 талапкер чүчү кулак ыкмасы менен эки турдун ар бир күнүнө алтыдан бөлүндү.

Биринчи тур

28-декабрь (дүйшөмбү):

  • Канатбек Исаев;
  • Клара Сооронкулова;
  • Адахан Мадумаров;
  • Аймен Касенов;
  • Бактыбек Калмаматов;
  • Каныбек Иманалиев.

29-декабрь (шейшемби):

  • Мыктыбек Арстанбек;
  • Садыр Жапаров;
  • Рашид Тагаев;
  • Арстанбек Абдылдаев;
  • Имамидин Ташов;
  • Элдар Абакиров.

30-декабрь (шаршемби):

  • Бабыржан Тольбаев;
  • Курсан Асанов;
  • Равшан Жээнбеков;
  • Жеңишбек Байгуттиев;
  • Улукбек Кочкоров;
  • Абдил Сегизбаев.

Экинчи тур

6-январь (шаршемби):

  • Садыр Жапаров;
  • Адахан Мадумаров;
  • Канатбек Исаев;
  • Курсан Асанов;
  • Элдар Абакиров;
  • Аймен Касенов.

7-январь (бейшемби):

  • Клара Сооронкулова;
  • Абдил Сегизбаев;
  • Арстанбек Абдылдаев;
  • Равшан Жээнбеков;
  • Рашид Тагаев;
  • Каныбек Иманалиев.

8-январь (жума):

  • Улукбек Кочкоров;
  • Бабыржан Тольбаев;
  • Бактыбек Калмаматов;
  • Жеңишбек Байгуттиев;
  • Имамидин Ташов;
  • Мыктыбек Арстанбек.

Үгүт иштери 15-декабрдан 9-январга (саат 8.00) чейин уланат.