Австралиялык диетолог Лиэнн Уорд туура арыктоо үчүн кандай тамактануу керектигин айтып берди. Адистин кеңештери Daily Mail басылмасына жарыяланган.

Диетолог рационго чөп чайларды кошууну сунуштаган. Чиа өсүмдүгүнүн уругу, сулу боткосу, жумуртка, тооктун эти, зайтун майы — мунун баары туура арыктоо үчүн керектүү азыктар. Адис арыктоо үчүн сөзсүз эле ачка болуунун, жакшы көргөн тамактардан баш тартуунун кажети жок деп эсептейт.

«Майды жок кыла турган белгилүү бир азык жок. Ашыкча салмактан арылуу үчүн калорий жетишсиздигин толуктап туруу керек. Башкача айтканда, кеткен калорийди кайра толтуруп туруу зарыл», — деди диетолог.

Адис тамакты организм талап кылгандан кичине азыраак жеп, балансты кармоону сунуштаган.