Референдумга үгүт иштерин жүргүзүү үчүн демилгелүү топтор уюштурулат.
Бул тууралуу БШКнан билдирди. Маалыматка караганда, референдум дайындалгандан кийин мыйзамга ылайык, референдумдун үгүт иштерине катышуу үчүн демилгелүү топтор уюштурулат. Алар референдумга каршы, жана макул болгондордон түзүлгөн топтор болот. Бул топтор дагы жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күндүн ичинде БШКга топ түзүлгөнүн жарыялап, тиешелүү документтерди тапшырышы керек.
Ошондой эле алардын дагы шайлоо фонддору түзүлүшү мүмкүн. Демилгелүү топтор ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн шайлайт.
Маалым болгондой, БШК президентикке талапкерди каттоо процессин аяктады. Бугүн шайлоо өнөктүгүнүн алкагында шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат.
Президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Аны менен бирге Референдумга да добуш берүү жүргүзүлөт.