Джо Байден расмий түрдө АКШнын жаңы президенти болуп шайланды. Шайлоочулар коллегиясы штаттагы добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, Джо Байден АКШнын президенти болуп шайлангандыгын тастыктады. Байденге 306, Дональд Трампка 232 шайлоочу добуш берди. Жеңиш үчүн 270 добуш алуу керек болчу.
Джо Байден шайлоочулар коллегиясынын добуш берүүсүндө АКШда элдин эрки жеңгенин айтты. «Америкада дагы бир жолу мыйзамдын үстөмдүгү, конституциябыз жана элдин эрки жеңишке жетишти» деди ал.
Жаңы президенттин инаугурациясы 20-декабрда өтөт.