Чыгышта тазалыктын 7 эрежеси бар:
1. «Колдун тазалыгы». Ашыкча, же өз эмгегиңден көбүрөөгүн алба. Бул мааниге, кирешенин канча бир пайызы менен башкаларга бөлүшүү дагы кирет.
Колу таза болсо, жегени таза болот.
2. «Кулактын тазалыгы». Бул дегени, коркок, ачуулуу, «шыпылдаган» адамдарга кулак салбоо, ошондой эле, кулакты жалгандан, ушактан, пайдасыз сөздөрдөн сактоо дегенди түшүндүрөт.
Кулак таза болсо, жашоо тынч болот.
3. «Көздүн тазалыгы». Көздү жаман көрүүчүлүктөн, ич күйдүүлүктөн, кыжырдануудан сактоо.
Көзү таза болсо, көөдөнү таза болот.
4. «Ооздун тазалыгы». Оозду жалган айтуудан, ушактоодон, көп сүйлөөдөн тыюуу.
Оозу таза болсо, көп балээден кутулат.
5. «Дененин тазалыгы» — денени жана кийимди тазалыкта кармоо.
Дене таза болсо, ийгиликке жетелейт.
6. «Ойдун тазалыгы». Баштагы негативдүү ойлордон, кара ниеттүүлүктөн кутулуу. Жаман ойлор өзүнүн гана маанайына, ден-соолугуна, ийгилигине зыян берет.
Ой таза болсо, жүрөк тынч болот.
7. «Жүрөктүн жана көкүрөктүн тазалыгы». Жогорудагы айтылган жамандыктардын баарысынан жүрөктү таза кармоо.
Жүрөк таза болсо, калганы дагы таза болот.