Жарандардын кайрылууларын өз убагында кабыл алуу жана сапаттуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү максатында, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Ак-Суу райондук милициясына көчмө кабылдама катары пайдаланууга 12 орундуу «FOTON» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасын тапшырды.


Буга чейин, Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында жарандарды кабыл алууда милициянын көчмө кабылдамалары, айрыкча мамлекеттик административдик мекемелерден жана уюмдардан алыс жашаган жарандарды кабыл алууда жакшы жактарын көрсөтө алышты. Милиция кызматкерлери жана социалдык органдардын өкүлдөрү ар кандай маселелер боюнча жарандардын арыздары жана кайрылууларын өз убагында кабыл алышып, алар боюнча тийиштүү чараларды көрүп келишти.
Кезектеги милициянын көчмө кабылдамасын Ак-Суу районуна тапшырылганы да бекеринен болгон жок. Себеби, аймакта 74 миӊге жакын калк жашайт, 14 айыл аймагынын курамында 48 айыл жана 1 шаарча орун алган. Аянты 10,1 миң чарчы километрди түзөт. Эми, атайын түзүлгөн графиктин негизинде милиция кызматкерлери, башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте жарандарды жашаган жеринен кабыл алышып, тийиштүү чараларды көрүүгө аракет кылышат.

Ак-Суу райондук милициясынын өздүк курамына Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев, милициянын көчмө кабылдамасынын ачкычын тапшырып жатып, милициянын көчмө кабылдаманын негизги максаты болуп, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда, алардын укуктарын коргоодо, коомчулук менен тыгыз байланышта иш алып баруу болуп саналарын белгиледи. «Жакшы натыйжага, жогорку деңгээлдеги коопсуздукка жетүү үчүн, жарандар менен милиция биргелешип аракеттенгенде гана жетишет. Бул биздин башкы максаттарыбыздын бири. Ал эми милициянын көчмө кабылдамаларын ишке киргизүү менен, биз бул максатка жетүүгө жол ачабыз. Себеби, милициянын көчмө кабылдамалары милицияны элге жеткиликтүү болушуна шарт түзөт», — деп белгиледи областтык милициянын башчысы.
Милициянын көчмө кабалдамасын тапшыруу аземинде Ак-Суу районунун акиминин орун басары Гүлзат Суранчиева катышты.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы