Москвада баласын аёосуз сабаган кыргызстандык эркек үч жарым жылга соттолгонун РИА Новости агенттиги 14-декабрда жазды. Ага “бойго жете элек баласын багуу жана тарбиялоодогу жоопкерчиликсиз мамиле жана зомбулук” кылды деген айып тагылды.

2020-жылдын апрелинде социалдык түйүндөрдө болжол менен башталгыч класста окуган баланын атасы токмоктоп жаткан жатканы тартылган видео тараган. Ички иштер министрлиги балага зомбулук көрсөткөн окуя 16-апрелде болгонун, баласын сабаган жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 35 жаштагы тургуну, үй-бүлөсү менен 2019-жылы күзүндө Орусияга кеткенин билдирген.

Баланы аеосуз сабоо фактысы Москва шаарынын Кунцево районунун ички иштер бөлүмүн катталган. РИА Новости ал баласын урган башка учурлар да аныкталганын, күнөөсүн мойнуна алганын маалымдады.