Экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын пайдасынын көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрына караганда 20 эседен ашык кыскарды. Мындай маалыматты Улуттук статикалык комитеттен кабарлашты.

 2020-жылдын январь-сентябрында COVID-19 коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин жана чектөө чаралары киргизилгендигине байланыштуу өндүрүштүк ишмердиктин муктаждуу үзгүлтүккө учурашы менен шартталган, экономикалык ишмердиктин дээрлик бардык түрлөрү боюнча ишканалардын дүң кирешесинин төмөндөшү байкалды.

Эң көп жабыр тарткан ишканалар соода, мейманкана жана ресторан бизнеси, транспорт, туризм, эс алуу жана көңүл ачуу, ошондой эле башка кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканалар болду, бул алардын карантин мезгилинде толугу менен жабылганына байланыштуу, ал эми андан ары социалдык дистанциядагы чектөөчү чараларды аткаруу зарылчылыгы менен шартталган. Ошондой эле карыздык милдети жогору ишканалар, өзгөчө ал чет элдик валютадагы карыз болсо, алар олуттуу кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатышат.

2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча экономиканын реалдуу секторунун ишканалары тарабынан 1,7 млрд. сом өлчөмүндө пайда менен оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды. Бирок, 2019-жылдын январь-сентыбрына салыштырганда сальдолоштурулган пайданын көлөмү 20 эседен ашык кыскарды. Мында рентабелдүү ишканалардын үлүшү 28 пайыздан ашыгын (өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 35 пайызга жакынын) түздү.

Сальдолоштурулган финансылык жыйынтыктын түзүлүшүнө, чет элдик валюта операциялары боюнча терс курстук айырмачылыктар жана карыздык милдеттенмелер боюнча төлөнүүчү пайыздардын өсүшү менен шартталган операциялык эмес ишмердиктин чыгымдарынын өсүшү терс таасирин тийгизди. 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча мындай чыгымдардын суммасы өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,5 эсеге көбөйүү менен 48 млрд. сомго жакынын түздү.