Адамзат кызык эле жандарбыз:
Бутубуз гүлдөрдүн үстүндө туруп, асмандагы айга жетүүнү самайбыз.
Жакшыны жолотпой, буттан артка тарта салып, жаманга жанашабыз.
Күн сайын жүз жолу күзгүгө каранып сулууланабыз, бирок жүрөктү сулуу кылып тазалабайбыз.
Жашоодо жасалмалуулук көп болгону үчүн жүздөгү чырай менен менен жан-дүйнөбүздүн тазалыгы айкалышпайт.
Тирүүлүктүн түгөнүшү менен денебиз аманат экенин билип туруп, денебизге кошуп, намысыбызды стакандан коркпойбуз.
Муштумду түйгөнүбүз менен кекиртектин кулуна айланганбыз.
Балага кайырмак кармаганды үйрөтпөстөн, жеген балыктардын даамдуу экенин мактанабыз.
Эртең өлүшүбүздү билебиз, бирок бүгүн кам көрбөйбүз.
Беткаптарыбыздын саны көп, ар бири ар кандай жерде өз алдынча колдонулат.
Өз ордубузда өлөйүн деп, сүйрөлүп араң жүрөбүз, бирок бирөөгө сын айтып, ушак менен айыптаганга ченеми жок зорбуз.
Чын жүрөктөн айтып жатамын деп адашып, жатталган-жасалма сөздөрү айтабыз.
Көп жагдайда жүрөктүн үнүн эмес, жазылып даярдалган сөздөрдү угабыз: жарымы жалган, жарымы чын, бирок үн катпай түнөрөбүз.
Билсек да билмексенбиз, уксак да укмаксанбыз, жүрөктүн катуу кагышы, чыркыраганы дүк-дүк урса да, жым болобуз.
Жаңынын учугун алаканга кармап туруп, эскини жамап бүтө албай эсибиз оойт.
Каңгылыкка батып бара жатканыбызды туйсак да, каректерди кагып-кагып алып, кылчактабай, кайдыгер гана кадам санап басып барабыз …
Автору Алтынай Орокбаева