Баткен шаарында «Ааламды кыймылдаткан мигрант аялдар» аттуу Аймактык диалог өттү. Анда дискуссия форматында эмгек аял мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүү жолдору талкууланып, мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратыны менен биргеликте талкуу жүргүзүлдү.
Иш-чарага КР Акыйкатчысынын орун басары Эрлан Алимбаев жана Бообекова Гүлзина — Акыйкатчы Аппаратынын үй-бүлөлөр, аялдар жана балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы катышты.
Аймактык диалог иш-чарасы «Инсан-Лейлек» коомдук фонду, Мигранттардын Кесиптик бирлиги жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Институту тарабынан уюштурулган.