Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери, маркум акын Чыныбай Турсунбековдун 60 жылдыгына карата эскерүү кечеси Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү.

14-декабрда өткөрүлгөн эскерүү кечесинде акын, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Чыныбай Турсунбековдун (1960—2020) чыгармачыл мурасына тилчилер, адабиятчылар, филология илимдеринин докторлору, коомчулук өкүлдөрү кеңири токтолушуп, “лирик акын Чыныбай Турсунбековдун көркөм дүйнөсү” тууралуу кеп козгошту.

Акындын “Жүрөктөгү жаңырык”, “Шаарда жоголгон сөз” , “Жалын тоо” аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн.

Жазуучу Чоюн Өмүралиев 1980-жылдары акындар Барчынбек Бугубаев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Жедигер Саалай, Чыныбай Турсунбеков адабият айдыңында өз үнү, өз көз карашы менен келишкенин эскерди:

— Биз “Алыкул , Алыкул” деп абдан көп айтабыз. Алыкулду үстүртөн өздөштүргөндөр бар, жөн эле элди ээрчип “Алыкул” деп койгондор да бар. Бул Чыныбайдын бир артыкчылыгы бала кезден Алыкулга абдан сугарылган экен, мен ушуга абдан таң калдым. Алыкулдун “турмушта миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айта албаймын” деген саптары бар го, ошол саптар Чыныбайга абдан таасир эткендей, анын тээ бала кезден жазган ырларынан эң соңку жазган ырларынын бардыгында Алыкулдун таасири байкалып турат. Ал эми адабиятка жасаган мамилеси, принциби туралуу айтканда, Алыкулдай чынчыл, жалган пафосу жок, өзү билген нерсени, өзүнүн жүрөгүнөн өткөндү гана жазган турмушка чыныгы өзүнүн мамилесин билдирген, өз жүзү бар акын. Ал ыр жазуунун формалык жагына көңүл буруп, поэзиянын жаңычылдык тенденцияларын колдонгон».

Булак: Азаттык үналгысы