Бишкектин Турусбеков менен Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук түтүгү өткөн кудуктан 30-40 жаштагы үй-жайсыз эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, адамдын сөөгү 16-декабрда саат 00:08де табылган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн кудуктан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.