Кыргызстанда бир суткада коронавирус 241 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 73 адамдан, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 55, Ош облусунда – 22, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 19, Баткен облусунда 12 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 403 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 119, Ош шаарында – 25, Чүй облусунда – 101, Ош облусунда – 28, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 54, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда 27 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 1 адам каза болгон: Ош облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 845 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 841 бейтап дарыланууда.

Бир күн ичинде өлкө боюнча 8 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 12, стационардан 3 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 49 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 796 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 78 миң 151 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 71 миң 270 киши айыгып чыкса, 1 миң 317 адам каза болду.