Ушул жылдын октябрь айларынан тарта Кадамжай районунун Халмион, Үч-Коргон, Алга, Орозбеков, Марказ айыл аймактарындагы жашоочулардын турак-үйлөрүнө белгисиз жарандар түн ичинде кирип, үйгө керектелүүчү буюмдарды, башкача айтканда батир уурулуктар болуп жаткандыгын билдирип жабырлануучулар арыз менен кайрылышкан.


Жогорудагы бул фактылар Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин (уурулук) негизинде катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Кадамжай РИИБнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, уурулуктарды жасап жүргөн шектүүнүн бири Кадамжай районунун тургуну 41 жаштагы К.Т. өзү жашаган үйүнөн, ал эми анын шериги Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда оор берене менен соттолгон 33 жаштагы Т.И. Кызыл-Кыя шаар аймагынан аныкталып кармалды.
Кармалган шектүүлөрдүн үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда мурда уурдалган далил буюмдар аныкталып алынды.
Бул шектүүлөр 8жолу батир уурулук жасашып, жабырлануучуларга жалпысынан 400миң сомго жакын материалдык зыян келтирген. Ош, Ноокат, Жалалабад облусуна уурдалган буюмдарын саткандыгы аныкталып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө сатылган буюмдар кайтарылып алынды.
Азыркы күндө шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы