Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы башка бөлүктөр менен биргеликте жакында республиканын аймагында укук бузуулардын алдын алууга, кылмыштарды аныктоо жана бетин ачууга, миграциялык мыйзамды бузгандарды аныктоого, кылмыштарды жасагандыгы үчүн идөөдө жүргөндөрдү кармоого багытталган кеңири ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын сырткы жана ички кызматтарынын кызматкерлери тартылды.
Бул аралыкта республиканын аймагында 292 кылмыш менен жоруктардын, анын ичинен оор кылмыштардын бети ачылды. Адам өлтүрүү-1, зордуктоо-1, мүлктөрдү уурдоо-115 фактыларынын, 60 ашык алдамчылык фактысынын, 16 -бейбаштык, андан сырткары каракчылык, опузалоо, адам уурдоо, 4 факты сойкулук кылууга тартуу жана ыпластыкка көмөктөшүү, 2 факты экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратуу аныкталып, ок атуучу куралдар жана баңгизаттартабылып алынды.
Кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 20 жаран кармалды. Дайынсыз жоголгон 6 адам табылды.
Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын алкагында 260 ашык обьект, анын ичинен соода-түйүн комплекстери, эс алуу жайлары, мейманканалар жана башка мекемелер текшерилди. Ички иштер органдарына өздүктөрүн тактоо үчүн 243 адам жеткирилип, анын ичинде 6 чет өлкөлүк жаран бар.
Бишкек шаарынын аймагында 149 кылмыштардын бети ачылды, анын ичинен 65 уурулук, 38 алдамчылык, 4 тоноо, 2 баңги кылмышы. Бул аралыкта 65 обьект, анын ичинен 4 соода-түйүн комплекси, 34 мейманкана, 27 сауна текшерилди. Ички иштер органдарына өздүктөрүн тастыктоо үчүн 63 жаран жеткирилди.
Ош шаарында 35 кылмыштын, анын ичинде 5 уурулук, 12 алдамчылык, 8 тоноо фактыларынын бети ачылып, издөөдө жүргөн 2 жаран табылып, 14 соода-түйүн комплекстери, эс алуу жайлары жана башка мекемелер текшерилди. Ички иштер органдарына өздүктөрүн сактоо үчүн 31 жаран, анын ичинен 4 чет өлкөлүк жаран жеткирилди.
Ош облусунун аймагында ички иштер органдары 11 кылмыш ишинин, анын ичинен ыпластык аракеттер-1, уурулук-1, алдамчылык-4, тоноо-1, адам уурдоо-1 фактысынын бетин ачышты. Дайынсыз жоголгон 1 адам табылды. Иш-чара учурунда 18 обьект текшерилип, ички иштер органдарына өздүктөрүн тактоо үчүн 48 жаран текшерилди.
Чүй облусунун аймагында жүргүзүлгөн рейд учурунда 47 кылмыштын, анын ичинен адам өлтүрүү-1, ыпласттыкка баруу-1, зордуктоо-1, уурулук-9, алдамчылык-6, бейбаштык-16 жана башка фактылардын бети ачылды. Издөөдө жүргөн 4 жаран кармалды. Ички иштер органдарына 15 жаран өздүктөрүн тактоо үчүн жеткирилди.
Ысык-Көл облусунун аймагынан ИИБдин бөлүктөрүнүн өздүк курамы 20 кылмыштын, ачынын ичинен 14 уурулуктун, 3 алдамчылыктын, 2 эктремисттик багыттагы укук бузуулардын бетин ачышты. Ок атуучу курал боюнча 1 факты катталды.
Нарын облусунан милиция кызматкерлери 9 кылмыштын бети ачылып, дайынсыз жоголгон бир адамдын жүргөн жери аныкталды. 21 обьект текшерилди.
Жалал-Абад облусунан 75 обьект текшерилип, ИИОго 15 жарандын өздүктөрүн текшерүү үчүн жеткирилди. 5 кылмыш ишинин, анын ичинен уруулук, тоноо, баңги кылмыштарынын бети ачылды. Кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 3 жаран кармалып, дайынсыз жоголгон 1 адамдын жүргөн жери аныкталды.
Баткен облусунун аймагынан милиция кызматкерлери 3 кылмыш ишинин бетин ачып, дайынсыз жоголгон 1 адамдын жүргөн жерин аныкташты. 57 обьект, мейманкалалар, эс алуу жайлары 9 башка обьекттер текшерилди. текшерилди. Андан сырткары ИИОго өздүктөрүн тактоо үчүн 62 адам, анын ичинен 2 чет өлкөлүк жаран жеткирилди.
Талас облусунун аймагынан ИИБдин милиция кызматкерлери 2 кылмыштын, аынын ичинен 1 адам өлтүрүүнүн бетин ачышты.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жана ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы иш-чаранын жүрүшүндө 11 кылмыштын бетин ачышты. Кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 5 жаран кармалып, ички иштер органдарына өздүктөрүн тактоо үчүн 9 жаран жеткирилди. 19 обьект текшерүүгө алынды.
ИИМдин Басма сөз кызматы