Мени Сооронбай Жээнбековдун экс-президент деген статусун ал деп мени кыйнабаңыздар. Себеби, эки президент куулду, үчүнчүсү түрмөдө… Жамандыктын учу уланып кете берет. Илгери деле ата-бабаларыбыз жамандыктын арты жакшылык болсун деп ырымдашкан экен. Мен дагы ата-бабанын салтын улантып, жакшылык уланып кетсин деп ырымдадым. Мына, мен дагы түрмөдө жаттым, ата-энемден, баламдан ажырадым. Баламдын кыркын өткөргөндөн кийин, арты жакшылык болсун деген тилек менен «экинчи баламды үйлөнткүлө» дегем. Ал орундалып, мына, азыр неберелүү болдум, мен абактан чыктым. Арты жакшылык болду. Жакшылыктын жышааны катары «экс-президент» статусу калсын, жакшылык уланып кетсин деп ниет кылдым. Эртеӊ бийликке мен келемби, же Эшмат келеби, же Ташмат келеби, аны бир Кудай билет. Жакшылыктын учу уланып кетсин, андыктан мени «экс-президент» деген статусту ал» деп кыйнабай эле койсоӊуздар жакшы болот эле.