Садыр Жапаровдун үгүт кербени 16-декабарь күнү кадимки тоо булбулу Токтогул акындын кичи Мекени Токтогул шаарынын борбордук аянтында өттү.

 

Бул жолу да кыштын кычыраган суугуна, сөөккө жеткен ызгаарга карабай Таластагыдай эле миңдеген токтогулдуктар Садыр Жапаровдун сөзүн угуп, өзүн көрүү үчүн чогулду. Баса белгилей кетүүчү жагдай, бул жолугушууга эл өз каалоосу, чын жүрөгү менен келиптир. Бюджеттик кызматкерлерди кыйнап алып келген заман буйруса артта калды. “Садырлап” кыйкырган токтогулдук шайлоочуларын аралай баскан Садыр Жапаров сахнага өтүп барды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимни жаңырган соң, талапкер сөз алды.

Мамлекет башына келген адам эӊ оболу эли үчүн жоокер да, жоопкер да болушу  керек экенин айткан Садыр Жапаровдун: “Кыргызстанды кыйын кырдаалдан чыгарсам деген изги тилек, менин да жүрөгүмдө! Жоопкерчиликти моюнга алуу, бүтүндөй элдин тагдырын ойлоо – оңбогондой оор иш экенин жакшы түшүнөм!” – деген чечкиндүү сөзү токтогулдуктардын кызуу кол чабуусу менен коштолду.

Эркиндикти, теңдикти, чындыкты сүйгөнү үчүн кыргыз эли отуз жыл ичинде акыйкатсыз башкарууга жаны кашайып, үч жолу түп көтөрүлүп, эл бийлиги орносо деп эңсеп келгенин айткан Садыр Жапаров “Мурунку бийликтегилердин айыбы эмнеде? Айыбы – чындыкты тааныбагандыгында, чындыкты көтөрө албагандыгында! Калк алдында канча жолу убада берсе да, ал жөн гана сөз жүзүндө же кагаз жүзүндө калып, а турмушта эч бири орундалбай келди” –деди.

Садыр Жапаровго эл өзгөчө үмүт артып турганы алардын көздөрүнөн да, кубаттаган сөздөрүнөн да ачык көрүнүп турду. Садыр Жапаров сасык тумоолоп, аз-маз кыйналып турганына карабай чогулган элдин суроолоруна шашпай, ирети менен так жообун берип жатты. Элге жүзүн бурган, сөзүн уккан чыныгы лидерге эми кез келгенин билип, болгон көйгйөлөрүн, суроолорун, албетте каалоо-тилектерин да тындырбай берип жатышты. Садыр Жапаров президент болуп шайланып калса, ар жуманын ишемби күнүн элдин үнүн угууга арнай турганын убада кылды. Анын бул убадасы да жалпы журтка абдан жагып, шатырата кол чаап жиберишти. Коррупционерлер боюнча берилген суроолорго Садыр Жапаров “Бийлик   олигархтардын тобуна, саясий шылуундарга эмес, ЭЛге кызмат кылууга милдеттүү. Мындан кийин мамлекетти талап-тоногон ууруларды, коррупционерлерди бийликке жолотпойбуз. Эл байлыгына кол салгандар үчүн эми бийликтин эшиги жабык!” – деп так кесе жооп берди.

Мурдагы чиновник Тайырбек Сарпашев мыйзамсыз ээлеп алган 500 гектар жайыт жана сугат жерлердин Токтогул районунун ээлигине кайтаралышына кубанган токтогулдуктар Садыр Жапаровго рахматын айтышты. Ошондой эле Токтогулда айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишкананын жана цемент заводунун курулушу боюнча Өкмөттүн планы бар экенин кубануу менен кабыл алышты.

Аткаруучу: «Kadam-media.kg» маалыматтык агенттиги; дареги: КыргызРеспубликасы, Бишкек ш., Гоголь 3-79. 

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Нускасы 1. 2020-жылдын 16-декабры даярдалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).