Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын ыкчам кызматкерлери баңгизатты сатып өткөрү каналын аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча операциясын ийгиликтүү аяктады.
2020-жылдын 13-декабрында жүргүзүлгөн санкциялаштырылган тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1984-жылы туулган О.К. аттуу жашоочусунун жашаган үйүнөн кара жашыл түстөгү, өзгөчө кендир жыты бар зат салынган каптар табылган. Мындан ары жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында баңгизаттарды сатып жана өндүрүп келген жай аныкталган. Тинтүүнүн жүрүшүндө баңгизаттарды даярдоо үчүн колго жасалган шаймандар дагы табылып алынды.
Соттук-химиялык изилдөөнүн негизинде табылып алынган заттардын жалпы салмагы 22 килограмм 130 граммды түзгөн «марихуана» баңгизаты экендиги аныкталды.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы