Кызыл-Кыя шаар аймагындагы мектеп окуучуларына жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо максатында үзгүлтүксүз иштер жүрүп жатат. Мектеп окуучуларын туура жолго багыттоо максатында ачык эшиктер, экскурсиялар уюштурулду. Февраль айларында шаар аймагындагы орто мектептер арасында ынтымакты чыңдоо максатында Кызыл-Кыя ШИИБнин демилгеси менен кичи футбол уюштурулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилди. Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөрдү коомго аралаштыруу максатында шахмат оюндары уюштурулуп, жеңүүчүлөргө милиция кызматкерлеринин демөөрчүлүгү менен сыйлыктар берилди.


“Кароосуз калган”, “Өспүрүм” рейддеринин жүрүшүндө турмуштук оор кырдаалга кабылган 5 жаш өспүрүм аныкталып, аларга жардамдар көрсөтүлдү.
2020-жыл ичинде окууга тартылбай калган 6 өспүрүм аныкталып, алардын бешөөсү милиция кызматкерлери тарабынан мектепке тартылып, бирөөсүнүн керектүү документтери болбогондуктан Кызыл-Кыя шаарындагы “Тирек” коомдук борборуна убактылуу жайгаштырылды.


Жыл башынан бери 17 рейддик иш-чара өтүп, жыйынтыгында мыйзам бузуп, кылмыш жасаган өспүрүмдөрдүн ата-энелерине Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 61-беренесине (ата-энелик милдеттерден качуу) ылайык 11 протокол толтурулуп, айып пулдар салынган.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы