Жети жаштагы кыргызстандык окуучу Рустам Ташматов Россия президенти Владимир Путинге кат жолдоп, анда Жаңы жылга карата кандай кыялдары бар экенин жазган. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Окуучу президентке «Газпром» же «Роснефть” компанияларынын акционери болгусу келерин жана тула пряниктерин ооз тийүүнү кыялданарын айткан.
Россотрудничество ишканасынын өкүлдөрү баланы мындай амбиция үчүн мактап, келечекте нефть жана газ тармагына азыркыдай кызыгуусун сактап калат деп үмүт артарын билдиришти.

«Рустамдын жашоодогу амбициясы өтө күчтүү экен. Бул абдан жакшы көрүнүш. Ал мектепти аяктаган соң өзү кызыккан тармак боюнча ЖОЖго тапшырып, билим алат деп ишенебиз. Ага чейин Кремль кыргызстандык бөбөккө чакан белегин жөнөтүп ийди”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Рустам Бишкектеги №29 гимназияда 2-класста окуйт. Мектепте активдүү окуучулардын катарын толуктап, «Жакшы адамдар» кыймылына мүчөлүк кылат.