Эртең менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде көп жылдан бери окуу иштери боюнча биринчи проректор болуп иштеп келе жаткан, учурда ректорлукка ат салышып, аламан жарышка аттанган агам Тууганбай Коңурбаев буулугуп, айта албай жаткан ойлорун жазып жөнөтүптүр. Окудум. Мындай маселеге кайдыгер карабашыбыз керек. Кечээ эле пандемия шартында, балдар карантинге таркаганда мугалимдерди алкап, «эми түшүндүк, жумушуңуздар оор турбайбы, баатыр экенсиңер»- деп атканбыз. Ыраазычылыгыбыз ошону менен токтоп калды. Биздин мамлекеттин келечегин түптөп жаткан мугалимдерге болгон эски мамиле кайра эле сакталып жаткандай…. Айта берсе сөз көп… Андан көрө, Тууганбай акенин ойлорун ортого таштайын, окусаңыздар түшүнөсүздөр:

 

Абалың кандай мугалим?

Мактанаар эчтемеси жок, көргөн кордугун айтып мактанат болот окшобойбуз.  Анда  мугалимдердин көйгөйлөрүн айтып бир төгүлөйүн, ичимден кайра бир сөгүлөйүн.

Кыргыз мугалимдерине жеңилдик деп, ат тердетип буйруса бир жүгүрөйүн. Акыркы күндөрү мугалимдерди эмне үчүн деген суроо ойго салчу болду. Эмне үчүн ошол бизнесмен, эл өкүлдөрүнүн жашоо шарты мамлекеттин эсебинен каржыланат? Эмне үчүн депутаттар жүрүүчү унааларынын бензиндерин жана башка чыгымдары каржыланат.  А эмне үчүн мугалимдер көмүскөдө, унутта кала берет?

Эмне үчүн эл өкүлдөрү үчүн мамлекеттин эсебинен ноутбуктар алынат? А эмне үчүн 6-7 миң айлык алган мугалим кредитке ноутбук алат?

Эмне үчүн эл өкүлдөрүнө үй, кызматтык унаа берилет? А эмне үчүн өлкөнүн өзөгү, келечек муундун сабаттуулугун кепилдиги болгон мугалим айдан-айга батирден-батирге көчүп, конуп, эртең менен жана кечинде коомдук транспортто тебеленип жумушка барып келип  жашоосу керек.

Эмне үчүн өмүрүнүн басымдуу бөлүгү окуучулары менен чогу бир мектептин ичинде, дайыма ызы-чуу чөйрөдө өткөн мугалим үйү жок жашап жатканы аз келгенсип,  эртең күнү кайра эле үстөккө-бөстөк болуп жарыбаган 4-5 миң сомдук пенсияга чыгуусу керек?

Эмне үчүн депутаттардын кабинети мамлекетин эсебинен оңдолуп түзөлүп, ал эми мектеп кабинеттери ата-энелердин эсебинен оңдолуусу керек жана эмне үчүн мектеп кабинеттерин катардагы мугалим оңдоп-түзөө (ремонт) иштерин кылуусу керек.

Эмне үчүн депутаттардын, чиновниктердин олчойгон салыктары мамказынага төгүлүүсүн кечип салышат да. А эмне үчүн карызга үй алышкан мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин үйлөрүнүн акчалары төлөнүүсү керек.

Эмне үчүн адилеттүүлүктүн символу болгон сот түзүмүнүн өкүлдөрү, тартип сакчылары болгон милициялар үчүн акысыз үйлөр берилет. А эмне үчүн мугалимдер, дарыгерлер үчүн жыл сайын жигердүү эмгеги, көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн деп акысыз үй берилбейт.

Мамлекеттин эсебинен бир топ жеңилдиктер каралган сотторго кайсы эмгеги үчүн жеңилдиктер берилет, кечеги   зөөкүр, жаш кыздарды зордуктаган мыкаачыларды актап чыгарып жаткан эмгектери үчүнбү?

 

Эмне үчүн бүгүнкү күндө окуучулардын сабакка болгон кызыгууларын, сабакка болгон ынтызарлыктарын курчута албай жатабыз? Эмне үчүн окуучулар сабактардан качып жатышат? Эмне үчүн кээ бир окуучулар мектепке келгиси келбей жатат? Деген суроолор ойго салат. Менимче мугалимдердин иш-чеберчилигине болгон ойлору чачырап жатат окшойт. Себеби, мугалим эртең менен саат 7:45те мектепке кирер замат жеке жашоосундагы көйгөйлөрдү унутуп, өзүнүн адистиги боюнча кантип сабакты өзгөчө ыкмалар менен өтүп, окуучуларды кантип сабакка кызыктырам, канткенде окуучулар жаңы теманы жакшы түшүнөт, канткенде окуучулар жаратман, чыгармачыл, адамдык сапаттарга ээ болот деп ойлонуубуз керек болчу. Бирок, иш жүзүндө сабак учурунда кантип акча табам, кыш келип калды кимден көмүр алуу үчүн 4000 сом карызга акча сурайм. Кышкы бут кийим алуум керек эле, батирдин акчасын кантип төлөйм. Ашканадан карызга түштөнсөмбү же үйгө баргыча ачка чыдасамбы деп ойлонуп жатасың. Ушундай көйгөйлөрүң тынчтык бербей жатса кайдагы билим берүүдөгү өнүгүүнү, жетишкендиктерди күтүүгө болот.

Эмне үчүн депутаттар мамкаржылоо менен чет өлкөгө жөнөтүлөт, а  эмне үчүн мугалимдер тажрыйба алмашуу максатында жыл сайын чет өлкөлөргө жөнөтүлбөйт.

 

Талап кылуу.

 

Мугалимдин пенсияга чыгуу мөөнөтүн кыскартуу керек. Себеби, өмүрүнүң тең жарымынан көбү төрт бөлмө ичинде дайыма ызы-чууда иштеп өтүп жатпайбы.

 

Мугалимдер үчүн жыл сайын мамлекет тарабынан акысыз үй берилсин.

 

Мугалимдер үчүн атайын мугалимдер шаарчасы деп көп кабаттуу үйлөр салынып жыл сайын мугалимдерге берилсин.

 

Жыл сайын мугалимдердин  саламаттыгы акысыз каралсын. Мисалы, көпчүлүк учурда ачка иштегени үчүн ашказандары, нерв системалары, тиш оорулары, көздөрүнүн көрүү абалдарын калыбына келтирип туруу үчүн.

 

Мугалимдер үчүн коңшу Өзбекстан өлкөсүнөн 700 даана матиз же нексия үлгүсүндөгү унааларды алып келип «баары мугалимдерге» деген атайын программа түзүлүп көп жылдык мөөнөт менен бөлүп төлөп берүү үчүн берилсин.

 

Коомдук маршруттук такси кызматы болгон автобус жана троллейбустарда мугалимдерге акысыз жүрүүгө шарт түзүлсүн.

 

Мугалимдер менен депутаттардын маяналары жана пенсиялары бирдей өлчөмдө болсун.

 

Мугалимдерге мугалим экенин тастыктаган атайын күбөлүк берилсин жана жеңилдиктер каралсын.

 

Бүгүнкү күндө окуучулардын укугу корголуп жатканы менен, мугалимдердин укугу унутта калып, коом алдында баркы түшүп, тебелендиде калып жатканы өкүндүрүүдө. Ошондуктан жаш адистер мектептерге келгилери келбей жатат.

 

Келечекте билим берүү тармагында дасыккан тажрыйбалуу мугалимдер жүрүүсү үчүн жаш адистердин бүгүн мектептерде иштөөлөрүнө шыктандыруу максатында акысыз үй менен камсыз кылуу керек.

 

Мектептердеги эң төмөнкү айлык акы 30 миң сомду түзүүсү керек. Эң жогорку айлык акы депутаттар, Минфин министри, экономика министри экс президенттер ай сайын алып жаткан акчалардай 80-100 миң сом болсун.

 

Мунун баары мүмкүн баары өзүбүздун колубузда.

 

Эгерде кандайдыр бир мугалимди мыйзамсыз жумуштан алышса, баардык кыргыз мугалимдери жапа, тырмак ошол мугалимди колдообуз керек. Бири-бирибизди колдойлу. Ич күйдүлүк, көрө албастык кылып бири-бирибизди буттан чалбайлы.

 

Улуу устаттар сиздерден сураныч жаштар берип жаткан сунуштарды акыл катары кабыл алып, азыркы жаштар кыйын чыгышты, биз унчукпай эле кыла  берчүбүз деп жаман көрүп, жаштар берген сунушту акыл айтуу катары кабыл албаңыздар.

 

Эгерде мугалимдердин негизги көйгөйү болгон үй маселесин чечип, мугалимдер үчүн жыл сайын жаш жана орто муундагы мугалимдерге акысыз үйлөрдү берип турса анда биз мугалимдер берилүү менен иштеп, эмгектин май талканын чыгарып, болуп көрбөгөндөй натыйжалуу иштеп берет элек. Болгону мугалимдин жашоо шартын жакшыртууга шарт түзүп берилсин деп талап кылалы.

 

Мугалимдери бааланбаган өлкөдө эч качан өнүгүү болбойт. Атаандаштыктан кызматташууга өтүүчү мезгил келип жетти.