Чоң-Алай районунун аймагында милиция тарабынан профилактикалык жумуштар тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Аба-ырайынын ар түрдүү шартына карабастан жарандарга түшүндүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлады.

 

Чоң-Алай РИИБдин кызматкерлери тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Алар айылдардагы  соода-түйүндөрүндө, дүкөндөрдө, мектептерде санитардык нормалардын сакталуусун көзөмөлгө алышууда. Ар бир жаран жугуштуу илдеттин алдын алууда кайдыгер мамиле жасабай, айтылып жаткан талаптарды сактоо зарыл экендиги эскертилди. Мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, коронавирусту жайылтпоо жана алдын алуу үчүн антисептикалык каражаттарды туура колдонуу, ошондой эле белгиленген эрежелерди сактоо учур талабы экендиги айтылып, бул багытта кеңири маалымат берилүүдө.