Баткен облусунун чек аралаш аймактарындагы абал Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

 

Учурда Баткен районунун Тажикстан Республикасы менен чектешкен Ак-Сай айылында абал тынч, Ак-Сай-Ворух жолунда автоунаа каттамы жүрүп жатат.

Белгилей кетсек кечээ 16-декабрда кечки саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары Ак-Сай-Ворух жолун тосуп, аталган айылдан эки жылкы жоголгонун, жылкынын изи тажик айылы тарапка кеткендигин айтышып, малды табуу талабын коюшкан.

Бул окуя боюнча Баткен районунун акими Каланбек Маркаев Тажикстандын Исфара районунун акими жана чогулган эл менен жолугушкан.

Жолугушуудан соң чогулган эл тарап, тосулган жол ачылды.

Уурулук боюнча маалымат түшөөрү менен КР жана ТР ички иштер кызматкерлери биргеликте издөө иштерин башташкан.