Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 29-ноябрына чейин Кыргызстанга келген 295 миң 891 чет элдик жана жарандыгы жок адам каттоого турган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 295,8 миңдин ичинен 141 миң 482си Россиянын, 20 миң 519у Казакстандын жараны.

Ал эми 2020-жылдын ноябрь айында 37 миң 935 чет элдик жана жарандыгы жок адам каттоого турду. Анын ичинен 17 миң 893ү Россиянын, 2 миң 315и Казакстандын жараны.

2016-жылдын 19-декабрындагы өкмөттүн токтомуна ылайык, Кыргызстанга келген Россия жана Казакстандын жарандары 30 күн ичинде жашаган жери боюнча каттоого турушу керек.

Кыргызстанга келген чет элдик жана жарандыгы жок адамдар каттоо процедурасынан өтүшү керектиги Мамлекеттик каттоо кызматы эске салат. Каттоо бардык аймактык паспорт бөлүмдөрүндө «Чет элдик жарандарды каттоо» системасы аркылуу жүргүзүлөт.

Электрондук кызмат көрсөтүү portal.srs.kg. порталында онлайн түрүндө каттоого туруу мүмкүнчүлүгү каралган.