Вице-спикер Мирлан Бакиров Дүйнө Кубогунун жеңүүчүлөрүн өкмөт колдоого алыш керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Социалдык фонддун бюджетин талкуулоо маалында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан турнирде ийгилик жараткан спортчулар тууралуу сөз кылды. «Эки күндөн бери жакшы жаңылык угуп жатабыз. Андыктан спортчуларыбыз ушундай ийгиликтерди жаратышы үчүн өкмөт да колдоо көрсөтүшү керек», — деди ал.

Муну менен катар Мирлан Бакиров өкмөт өкүлүнөн жалпы эле спорт тармагында жүргөн жарандарыбызга кандай колдоо болуп жатканын сурады.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева быйылкы пандемия маалында көп колдоо болбогонун белгилеп, 2021-жылы Спорт комитетинин сунушу менен бардык спорт тармагына тиешелүү көңүл буруларын кошумчалады.