Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы «Бириккен пост» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун пилоттук долбоорун ишке киргизүү боюнча талаптагыдай жүргүзүлбөй жаткан ишке карата сын-пикирин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Көчмө жыйындын соңунда жооптуу адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлдү.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Автомобил, суу транспорту жана салмак, тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Чүй аймактык башкармалыгынын жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулду.

«Эркечтам» көзөмөлдөө пунктунун жетекчиси кызматтан төмөндөтүлүп, башка кызматка которулду.

Жалпысынан Транспорт жана жолдор министрлигинин тутумунда «Ак-Тилек» жана «Чалдыбар» транспорттук көзөмөл пункттарынын 22 кызматкери, «Чоң-Капка» жана «Кызыл-Адыр» транспорттук көзөмөл пункттарынын 11 кызматкери ротацияланды.

Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын өздүк курамынын кызматкерлерине карай кызматтык милдеттерин аткарууда кетирилген кемчиликтерине байланыштуу Беткендеги «Кайрагач» өткөрүү пунктунун жетекчиси кызматынан төмөндөтүлүп, инспектор кызматына которулду.

Түштүк аймактагы бажы көзөмөлүн уюштурууну жетектеген «Ош» бажы процесстери борборунун, «Достук» өткөрүү пунктунун жетекчилери кызматынан төмөндөтүлүп, башка орундарга которулду.

Өткөн жумада Артем Новиков Оштогу «Эркечтам», Нарындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекеттерине жана кыргыз-казак чек арасындагы бекет «Чалдыбарга» барган. Анда өткөрмө жайларында товарларды эсептөө системасы жаңыланбаганын сынга алган.