Өзбекстанда эки баласын жана өзүн сууга чөктүрүүгө аракет кылган келинди куткарып калган видео соцтармакка жарыяланды.  Бул тууралуу upl.uz. сайты жазып чыкты.

Видеодон ӨКМнин формасын кийген адамдар эки жаш өспүрүмдү жана өзүн каналга боюн таштап  жиберүүгө аракет кылган аялды токтото алышкандыгы көрүнүп турат. Маалыматка ылайык, окуя Сырдария облусунун Ширин шаарында болгон.

Аялдан эмне үчүн балдарды өлтүрүүгө жана өз жанын кыюуга аракет кылганын сураганда, ал “жашоодон тажадым жана балалуу болгонума аябай өкүнөм” деп жооп бергенин угууга болот. Аялдын айтымында, жашоо өтө оор жана ал мындан ары жашагысы келбейт.

Азырынча укук коргоо органдары окуя боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Булак: NazarNews.kg