Lack of understanding. Strict young father taking away the phone from his sons hands, trying to make his stop playing games, while the boy resisting
Мага жакында эле 20 жаштагы жигитти алып келишти. Ал психологиялык жактан жабыркап, жардам берүүгө муктаж эле. Алгач баланын ата-энесинен сурадым.
— Балага кандай тарбия бердиңиздер? Эмнеге акыркы убактарда мүнөзү өзгөрүп кетти?
— Кыздарыма караганда баламды эрке өстүргөн жокмун. Балам чоңойгондо тарбиясы өзгөрүп, эрке өсүп калбасын деп ушул жашка чейин бир ооз дагы мактаган жокпуз, ашкере эркелеткен дагы жокмун, — деп баланын апасы жооп кайтарды.
Анан мен баланын жан дүйнөсүн жакындан билүү максатында аны менен өз алдынча сүйлөшүүгө өттүм. Эмнеге кызыгаарын, алдыдагы пландарын, максатын билгим келди.
Бала: — Ата-энем мага көп учурда мен жөнүндө жакшы ойлорун уккан жокмун. Мага ушул кезге чейин кылган ишимди, окуудагы жетишкендиктериме дагы эч нерсе дешпеди. Өзүм эч кимге керегим жоктой алып жүрөм. Алдыда менин эч кандай планым, максатым дагы жок, — деп жооп кайтарды.
Мен бул жигиттин үй-бүлөсү менен жакындан иштешүүгө өтүп төмөнкүдөй кеңешимди бердим. Балага тарбия берүүдө үй-бүлө мүчөсүнүн ар кимиси ар өңүттө таалим-тарбия бере берип, баланын ойу, жан дүйнөсү менен эч ким эсептешпей калышты.
Азыр 2020-жылдын балдарын “Z коому”нун балдары деп атайбыз. Бул балдарга “баланчанын баласы мындай жетишкендикке жетиптир, сен болсо жүрөсүң, сенин андан эмнең кем?” деп башка бүлөөнүн баласына салыштыруу такыр туура эмес.
Балдар дагы бул сапатты жактыра беришпейт. Азыркы өспүрүм балдар эркиндикти, өз оюн ачык-айкын айтканды, башкалардан өзгөчөлөнгүсү, жаңыча ой жүгүрткүсү келет. Бир нерсени бат өздөштүрүп, шыктуу келишет.
“Эл эмне дейт” деген эски түшүнүк менен жашабайт. Көп учурда биз алардын оюу менен эсептешүүнүн ордуна чоңсунуп шагын сындырып, мүмкүнчүлүгүн чектеп, өзүбүздүн мүдөөбүздү биринчи орунга коюп коебуз. Бул чоң жаңылыштык, бул биздин кемчилигибиз.
Бала эмнеге шыгы болсо аны өнүктүрүүдө өзүбүз салым кошолу. Аларга үлгү болуп, аларга мээрим төгүп күзгү болушубуз керек. Анткени бала көргөнүн жасайт. Өзүбүздө эч нерсе жок туруп, колубузда чычайты чылымды чегип, балага “сен тамеки чекпе” деп акыл айтып, кийин ал бала чылым чегет деп ким кепилдик бере алат?
Балага ата-эне өзү тууралуу уулуна көп айтып, жумуштагы көргөн билген терс энергиясын жумушта калтырышы керек. Ал жактагы ачуусун, кыжырдануусун өзү менен кошо үй-бүлөсүнө, баласына алып келгени такыр туура эмес.
Балдардын кемчиликтерин гана айтпастан, өнүккөн жактарына, эмнеге кызыгаарына көп көңүл буралы, — деп билдирди балдар психологу Алтынай Кариева.
Интернет булактарынан алынды.