Оор турмуш. Жанталашкан жашоо. Арасында кээде майрам боло калат. А болбосо балдарым үчүн деген эне күнү-түнү иштейт. Чынында өзү эле эмес жолдошу деле кол кабыш кылат. Экөөлөп балдардын келечегин, анан да кыргыздагы катыштан калбайын дешет го. Сыягы эне иштебей, жанталашпай калса, өзүн бир нерседен калып калгандай сезет. Болбосо эл артында эмес, эл астында эмес, жашоолору орто.
Күнүмдүк турмуш өтө берди. Бир күнү эне, бөөдө кырсыка кабылып ооруп калды. Ордунан турайын дейт, мүмкүн эмес, башы айланат кусат, өзүн жаман сезип жатты. Үйүндө баягы көнгөн турмуш балдары мектептен, бала бакчадан келген. Бирок үй чачылган, кир идиш толгон, алар таң эрте кандай чачып кетсе ошол бойдон жыйналган эмес. Дароо энелерине чуркап барып.
— Эне тамак барбы?
— Эне эмнеге жатасыз?
— Эне менин мектебиме «стен газета» тартыш керек!!!
Ар бири өз көйгөйлөрүн айтып жатты. Алардын ызылдаганы эненин оорусун күчөтүп, башын катуу оорутту. Себеби ал кырсыкта мээси чайкалган эле. Ага бир гана тынчтык керек болчу. Мына азыр жолдошу да келет… «Тамак жокпу, үй жыйналган эмеспи, чай жокпу» — дейт да көңүлү түшөт, эч нерсени жактырбай, кабагына кар жаап, тоону томкоруп келгенсийт. Балким чын эле чарчап келээр. Же бардык эркектердин мүнөзү ошол чыгаар.
Мына эненин түйшүгү эри кандай иштесе, андан кем калбай чарчаса дагы келип, үйдүн көзгө көрүнбөгөн түйшүгүн тартат. Баарына бирдей жашоого шарт түзөт. Болбосо бул үйдө баары жашайт.
Ал күн ушундай кызыктар менен аяктады. Эптеп курсак тойгузушту, көзгө илинген оокаттарды ары түртүп бери түртүп жыйнамыш этишти. Ата-бала болуп үй иштерин аткарышты да аябай чарчагансып жатып калышты. Болбосо бул ишти эне күндө ийне жибине чейин аткарат эле. Аа эненин баш оорусу күчөп эч нерсеге көңүл бурбады, өз жаны менен алек болуп жатты. Дем алуусу оорлоп таң атырды. Ичинде өзүнө нааразы болду, себеби, балдары, жолдошу эч ким ал жайын сурабады, баары таттуу уйкуда мемиреп жатышты. Бир гана эне кыйналып уктай албай жатты. Алардын бирөө сыркоолосо эне түнү менен жанында олтуруп, суусаса суу берип кыйналса дары берип бардык түн уйкусун ушуларга арнайт эле бири дагы сезбеди. Эне суусады, сууга жетпейт. Кыйналып жатып таң да атты. Балдары четинен сабака жөнөп жатышты, ар ким өз иши менен алек. Алар кеткен соң жолдошу турду.
— Эмне кыйналып жатасыңбы? Бас дарыгерге алып барайын деп чыгып кетти.
Эненин айласы барбы, артынан жөнөдү. Машиненин силкингени ага жакпай бара жатышты.
Дарыгер баардык текшерүү жүргүзүп анын ооруканага жатышын талап кылды. Жолдошу угаары менен макул болбоду «балдарды ким карайт, үйдө биз кантебиз. Дарыгер андан көрө үйгө эле дары жазып бериңиз ошону эле ичет» деди. Муну уккан эне анан жатам демек беле.
— Ии мейли Дарыгер үйдөн эле дары ичейин, анын үстүнө балдарды карай турчу адам жок деп дене бою калчылдаса да өзүн бекем алып турду.
— Сиздин акыбаланызда биздин көзөмөлдө болушуңуз керек. Сиз азыр дагы эле өзүңүзгө келе элексиз жана да көп анализ тапшырышыныз керек дегиче:
— Дарыгер, келиңиз тил кат жазып беребиз, аялым жакшы эле, үйдөн сиз айткан дарылар ды ичебиз, анан кийин деле жатып дарылатып алабыз…
Аа кийини качан ким билсин. Ары тартыш, бери тартыш менен эне үйгө келди. Дарыгер бирин-экин дары жазып берди. Анын бирин алса бири калды. Кайра эле күнүмдүк турмуш улана берди.
Эне иш кылайын дейт мурункудай шайы жок, бат чарчайт, башы ооруйт.
Кээде анын мындайы балдарына жакпай кетет.
— Эне кечке эле ооруй бересизби?
Деги качан айыгасыз деп бир тийишет
Алар үчүн ден соолугу кыйраганын кайдан билишсин. Жолдошу да жактырбай баштады. Сөз боло элек электе эле сен оорукчансың да дейт.
Демек, жашоонун чындыгы ден соолук өзүн үчүн эле экен. Оорусаң сени бир карайт, эки карайт анан ар ким өз түйшүгү менен. «Көйнөгү бөлөк жаңы бөлөк» демекчи сенин дартыңды эч ким түшүнбөйт, билбейт. Демек, биринчи орунга өзүңдү кой, өзүңдү сүй, анан башка адамдарга камкор бол.
Интернет булактарынан