“АКШ долларынын курсу жогорулаган сайын түштүк аймактын кедейчилик деңгээли ылдыйлайт. Биз муну мигранттар тарабынан жөнөтүлгөн акча которуулар менен байланыштырабыз. Акча которуулар канчалык көп болсо, ошончолук түштүк аймакта кедейичлик азаят”, — деди Улутстаткомдун статистикалык изилдөөлөр Институнун эксперти Айлуна Шамурзаева социалдык түйндө уюштурулган түз эфирде.

Айтымында, изилдөөлөр көрсөткөндөй, бир эле факторлор Кыргызстандын ар бир аймагына түрдүү таасирин тийгизет. Мисалы, өлкөнүн түндүгүнө акча которуулардын чоң таасири жок, ошондой эле ал жакта АКШ долларынын курсу жогорулаган сайын кедей категориясына кирген адамдардын саны өсөт.

“Нарын облусуна малдын саны абдан маанилүү болсо, Талас облусунда кедейчиликтин деңгээли төө буурчакка болгон баадан көз каранды. Аймактарга кедейчиликтин тийгизген факторлорун аныктоо боюнча изилдөө биринчи ирет жүргүзүлүп жатат, биз мында демографиялык гана эмес, макроэкономикалык методду да колдондук”, — деп белгиледи Айлуна Шамурзаева.

Изилдөөлөргө ылайык, кедейчиликтин жогорку көрсөткүчтөрү Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында аныкталды. Бишкек шаары, Талас жана Чүй облустарында абал салыштырмалуу туруктуу экени аныкталды.

Мындан тышкары, кедейчиликтин деңгээлине керектөө товарлары менен айыл-чарба продуктуларына болгон баанын өзгөрүшү таасирин тийгизет.

Кедейчиликке арналган түз эфирди көрүүгө шилтемени басыңыз https://www.facebook.com/statcom.kg/videos/856567548503627/