Ырчы Самара Каримова Өзбекстандын 120 сериялуу “ Кадырхан” сериялына тартылууда. Бул тууралуу ырчы өзү «Инстаграмына» жарыялады.

«Ийгилик каалап коюнуздар. Эл аралык денгээлдеги 120 сериялуу “ Кадырхан” сериялына режиссер тарабынан чакыруу алдым. Абдан кубануу менен кабыл алдым. Ташкенттеги концертиме барып , Кремлдеги концертимди интернеттен көргөн экен режиссёр . Ошко келип бир канча эпизод тартып кетишти. Өзбекстандык кесиптештер абдан мыкты, тез иштешет экен. Тартып ошол эле учурда монтаж да кылып жатышты. Калганы Ташкентте тартылат. Кинодогу образым Кыргызстандык Бизнес леди . Оң ролдомун. Кинодогу башкы каармандардын биримин. Атым сыр болуп турсун. Кинодо менин атым ким болуусун каалайсыз?», – деп жазган Каримова.