Бишкекте дайынсыз жоголуп жаткан балдар аман-эсен табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

2020-жылдын 17-декабрь күнү болжол менен саат 19:00 чамасында 102 кызматына Октябрь районундагы үйлөрдүн биринде балдар жоголуп кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда Р.А. аттуу айым арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле күнү болжол менен саат 18:00 чамасында эки баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегендигин кабарлап, кайгуул кызматкерлеринен балдарын таап берүүсүн өтүнгөн. Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында болжол менен саат 23:00 чамасында Байтик баатыр жана Суеркулов көчөлөрүнүн кесилишинен 2008-жылы туулган К.Б. жана 2010-жылы туулган К.А. аттуу балдар табылып, ата-энесине сак саламат жеткирип беришкен.

Өз кезегинде табылган балдардын ата-энеси милициянын кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.