УКМК кызматкерлери эл аралык террористтик уюмдун Сирияда согушуп жүргөн мүчөсүн кармады. Бул тууралуу бүгүн департаменттин басма сөз борбору билдирди. Маалым болгондой, камакка алуу 16-декабрда болгон.

«Кыргызстандын жараны С.Т. Сирияда аскердик даярдыктан өтүп, террордук топтун катарында өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан », — деп билдиришти комитеттен.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө-оперативдик иш-чараларынын комплекси анын кылмыштуу байланыштарын жана ал тарабынан жасалган кылмыштардын башка эпизоддорун ачыкка чыгарууну улантууда.