Токмокто өгөй атасы өгөй кызын эки жыл бою зордуктаган. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.

Анын айтымында, өгөй атасы тарабынан сабалган алты жашар Рамазан менен болгон окуядан кийин 15 жаштагы кыздын чоң апасы ага кайрылган.

«Анын сөзү боюнча, бала өгөй атасы тарабынан эки жыл бою кордук көргөн. Кыздын апасы бул жөнүндө билип, күйөөсүн жаап- жашырып унчукпай отурган. Жакында жабырлануучу таежесине жана чоң энесине баарын айтып берди. Алар милиция чакырышкан, факты ERPPде 5-декабрда катталган. Бирок маселе алга жылбай жатат. Бул М.Р.нын өгөй атасы ишти жаптырып салгандай сезилет. Кыз азыр психикалык ооруканада. Өгөй атасы  кыз унчукпай койбосо, аны өлтүрөм деп коркутат », — деди жактоочу.