Кыргызстанда мурда-кийин табылган мыйзамсыз кирешелерди, мүлктү жана бизнести мыйзамдаштырууга жол ачылды. Тийешелүү документке президенттин милдетин аткаруучу спикер Талант Мамытов кол койду.

Айрымдар ача пикирин айтса, ал эми өкмөт документтин арты менен көмүскөдө жашырылып жаткан каражат ачыкка чыгарылса экономикага бир топ эле пайдасы тийет деп үмүт кылууда.

Мыйзамдын таржымалы

«Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» мыйзамга президенттин милдетин аткарып жаткан төрага Талант Мамытов 9-декабрда кол койду.

Документти Жогорку Кеңеш 5-ноябрда кабыл алган.

Мыйзам мурдагы өкмөт тарабынан жыл башында эле даярдалып, 24-январда кыргыз Өкмөтүнүн №28 токтому чыккан. Ага ошол кездеги премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев кол койгон.

Мыйзамда ыктыярдуу декларациялоо көмүскө мүлктүн жана кирешенин бир бөлүгүн мыйзамдуу жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берип, экономикалык жигердүүлүктүн күчөшүнө алып келерин жазышган.

Экономика министри Санжар Муканбетов кабыл алынган документти экономикалык мунапыстын бир бөлүгү катары баалаганын «Азаттыкка» биддирген: «Биздин экономикабызда 1,5 миллиард долларга барабар акча элдин төшөгүнүн алдында эле катылып жатат. Ал каражат жөн эле тура бербей экономикага иштеп берсе дегенбиз. Жарандар ар кандай себептер менен байып кетишти, акчалуу болуп калышты. Ошолорго мамлекет «акчаңарды, мүлктү декларация кылсаңар, мамлекет тарабынан куугунтук болбойт» деп кепилдик берип, аны экономикага иштетели деген максат».

Башкача айтканда, 70 миллион сомго чейин мыйзамсыз жол менен, анын ичинде коррупциялык иштерден табылган каражатты, мүлктү өз ыктыяры менен декларациядан өткөргөндөр эч кандай жазага тартылбайт. Ал мамлекетке бир тыйын да төлөбөйт. Анын ичинде салык, социалдык төлөмдөрдү төкпөгөнү үчүн да чара көрүлбөйт.

Эгерде көмүскөдө катып жаткан каражат же мүлк 70 миллион сомдон ашып кетсе, мамлекетке 700 миң сом төлөп берет. Декларацияда көрсөтпөй жүргөн байлыгы 100 миллион сом же андан көп болгон күндө деле бюджетке 700 миң сом төгөт.

Бул мыйзам бир жыл — 2021-жылдын 1-январынын 31-декабрына чейин иштейт.

Булак: «Азия News» гезити