Ысык-Көл облусунда президенттикке талапкер Адахан Мадумаровго карата эч кандай тоскоолдук болгон эмес. Бул тууралуу Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын төрагасы, вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.

Мамытканов Мадумаровдун билдирүүсү боюнча бир катар жетекчилер суралганын айтат.

«Эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Мадумаров Ысык-Көлгө келе элек. Биз ачык айтып жатабыз, ал Ысык-Көлгө келсин. Алдын ала эскертип койсо, аны тосуп алышат”, — дейт ал.

Вице-премьер белгилегендей, президенттикке талапкерлер кайрылса, алардын коопсуздугу камсыздалып берилет. «Ысык-Көлгө БШКнын комиссиясы аталган маселени териштирүү үчүн жөнөп кеттти», — деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Адахан Мадумаров үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштарын ойлогонун, бирок анын тарапкерлерине коркутуу болуп жатканын айтып чыккан.

Облустук милиция Мадумаровдун билдирүүсү боюнча териштирүү иштерин баштады.