Кыргызстанда январь айында пенсия төлөө маселеси боюнча кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин парламенттин жыйынында Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева январь айында пенсия төлөөгө каражат жетпей калуу кооптуулугу бар экенин айткан.

«2021-жылдын январь айында пенсияны каржылоо өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт. Пенсияны төлөөнү кечиктирүү жана үзгүлтүккө учуратуу болбойт», — деп Соцфонддон убадалашты.

Аталган фонддун маалыматына караганда, декабрь айында пенсия үчүн 4 миллиард 156 миллион сом төлөнгөн. 18-декабрга карата төлөмдөр 95 пайызга каржыланган.