2020-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын жетекчилиги БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсесинин өкүлдөрү, адам укуктары боюнча кеңешчи Киран Орейли, Борбордук Азия боюнча программанын координатору Исакулов Эркин, программанын адиси Ахметжанова Сабина менен жолугушту.


Жолугушууда ИИМдин Академиясы менен БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын ортосундагы илимий жана билим берүү чөйрөсүндөгү келечектеги кызматташуунун багыттары талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө, Академиянын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанттарынын, студенттеринин жана угуучуларынын адам укуктарын коргоо жаатында билим деңгээлин жогорулатуу максатында түзүлүп жаткан “Адам укуктары борборунун” долбоорун сунуштады.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысынын окуу иштери боюнча орун басары, милициянын полковниги Б.С.Дубанаев адам укуктары жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берип, Академиясынын БУУнун АУБЖК менен биргеликте иш алып баруусунун артыкчылыктуу багыттарын аныктады. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы үчүн өткөрүлгөн тренингдер үчүн БУУнун АУБЖКнын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, ага катышкан тренерлердин жогорку деңгээлин белгиледи.
Өз кезегинде БУУнун АУБЖКнын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын окутуучуларынын АУКЖБнын астында өткөрүлгөн тренингдерге, семинарларга, конференцияларга жигердүү катышкандыгын, ошондой эле адам укуктары боюнча окуу китептерин даярдоодо жогорку деңгээлин белгилешти.
Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешкен долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилеп, адам укуктары жаатында көп тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы