Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусундагы атайын операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кармалган үч адамга карата Жалал-Абад облустук соту тарабынан УКМКнын Ош шаардык башкармалыгынын тергөө жайына эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралган. Калган эки киши Жазык-процесстик кодекстин 98-беренесинин негизинде УКМКнын борбор калаадагы убактылуу тергөө абагына киргизилген.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, УКМК тарабынан мурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун жигердүү мүчөсү Мурзахметовдун («Чач») жогорудагы кылмышка түздөн-түз тиешеси бар экендиги жөнүндө кошумча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынды», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган кылмышкерлерге карата алардын башка бир катар мыйзамсыз фактыларга (опузалап талап-тоноо, куралдуу кол салуулар, ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, денеге оор залал келтирүү, рейдерлик басып алуулар ж.б.) тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.