Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин «Каарман» төш белгиси менен сыйланды. Сыйлыкты республикалык штабдын 11 айлыктын жыйынтыгын чыгаруу боюнча көчмө жыйынында вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров тапшырды.
Эскерте кетсек, Өкмөттүн өкүлү 1984–1991-жылдары СССР дин «50 жылдыгы» атындагы заводдо жөнөкөй кызматкерден жетекчиликке чейинки кызматтарда иштеген. Андан кийин да 2020-жылга чейин «Кристалл» ишканасында, «Дастан» ААК сында жана башка өндүрүш тармагында уюштуруу жөндөмү жогорку жетекчи катары өзүн көрсөтүп иштеп келгени блегилүү.