Бүгүн, 18-декабрында А.Молдокунов атындагы №5 Улуттук инновациялык технологиялар гимназиясында мамлекеттик мектептердеги китепкана фондун инвентаризациялоо боюнча жаңы системасынын иши көрсөтүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Азия өнүктүрүү банкынын «Секторду өнүктүрүү: Билим берүү системасын бекемдөө» долбоорун ишке ашыруунун алкагында өлкө боюнча 30 пилоттук мектептердин китепканаларына, Ысык-Көл районунун билим берүү бөлүмүнө жана 10 “Келечек мектептерине” окуу фонддорун инвентаризациялоо үчүн копмьютердик жабдуулар жеткирилген.

Ар бир пилоттук билим берүү уюмдун китепканасына бирден компьютер, КӨШ (коп функцианалдуу шайман: принтер, сканер, ксерокс) жана QR-кодду окуучу сканер жеткирилген.
Компьютердик жабдуулар мектеп китепканачыларына өз ишинде окуу китептерди башкаруучу автоматташтырылган маалыматтык системаны (АИС Жаны Китеп) колдонууга шарт түзөт.

Бул система китепканадагы окуу китептерден тартып, отчет алуу жана жаңы китептерге буюртма берүүгө чейинки баардык процесстерди автоматташтырат. Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун жардамы мектептердеги окуу китеп менен камсыздоо маселелерин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган, ошондой эле мектеп китепканачынын ишин кыйла жеңилдетип жаңы деңгээлге чыгарат.

Жаңы китеп автоматаштырылган маалыматтык системаны толук кандуу иштетүү жана өлкөдөгү мектептердеги билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн кийинки жылдын башында өлкөнүн 2 196 жалпы билим берүү уюмдарынын китепканаларына жогоруда айтылган жабдууларды жеткирүү пландаштырылган.