Мен жакшы үй бүлөөдө чоңойдум. Атам бухгалтер, апам мугалим болуп иштейт эле. Жогорку окуу жайды жакшы бүтүп, атамдын тааныштары аркылуу жакшы ишке кирдим. Өзүм экинчи курста окуп жүргөндө үйлөнгөн үчүн, окууну бүткөндө, үчүнчү уулум төрөлдү. Ишим аябай жакшы, барган сайын мартабам ашып, улам бийиктикке көтөрүлө бердим. Үйлөнгөндөн кийин, биз бөлүнүп чыктык. Ишим жакшы болуп, акчам көбөйгөн сайын, акчамды процентке бере баштадым. Ал убакта динден түшүнүгүм болсо да, бирок бир да амалын аткарбайт элем. Пайызга берген акчаларым да көбөйүп, мен үй жайымды заңгыратып оңдоп алдым, үч уулдан кийин кыздуу болдум, мага кыз төрөп бердиң деп, аялыма машина да алып бердим. Ар дайым ушунда бактылуу күндөр болот деп ойлойт элем.
Менин бул бактылуу күндөрүм баары түш сыяктуу өтүп кетти. Себеби мен командировкада жүргөндө, үйдөн өрт чыгып, аялым, балдарым менен чыга албай калып, баары күйүп кетишкен эле. Эч нерсе калбады, тапкандарымдан да айрылдым. Менде эч кандай үй бүлөө болбогондой, жалгыз калдым. Ичкиликке берилип кетип, иштен да айдалып кеттим, үйүм күйүп кеткенден кийин, атамдын үйүнө келдим, эки күндүн биринде үйгө ичип келем.
Менин абалымды көргөн атам энем да кыйналып, мени көргөн сайын ыйлап сыкташат. Мен эч жерде иштебей ичип жүрө бердим. Мени же ажал алып кетпейт, ушинтип жүрүп, атам мени көрүп,акыл насаатын айтып жүрүп, күйүтүнөн бул дүйнө менен кош айтышты. Иним менен келиним мени жаман көрөт, аларга ашыкчалык кылаарымды билет элем, апамды сыйлаган үчүн айла жок унчугушпайт. Бир куну апам мага, Садык балам, атаң сени ойлоп, күйүтүнөн бул дүйнө менен кош айтышып кетти, мен да өмүр бою түркүк болбойм, менден кийин бул үйгө батышын күмөн, иниң бир тууган болгон менен, келиниң сага жат. Менин көзүм тирүүсүндө, атыңды камчылап ал уулум, менден кийин көчөдө калба балам дегенде, апамдын тизесине башымды коюп, өңгүрөп ыйлап кирдим.
Апа, жаным, апам сиз мени таштап кетпең, мен жалгыз каламбы, жалгыз эмне кылам деп ыйлаганымды көрүп, апам мага кошулуп ыйлады. Балам менин сөзүмдү ук, сага мурдагы жашаган үйүнүн ордуна үй салалы, азырынча эки комнат времянка салып берели, кийин керек болсо өзүн чоңойтуп аласың, анан мынтип жалгыз жүргөнүн жакшы эмес, сенин башыңды эки кылбасам өлсөм да тынч жатпайм, күйөөсү өтүп кеткен же ажырашкан келин таап, сени үйлөп коёюн, мурдагыдай жашооң уланып кетет, көзүм ачыктыганда башынды эки кылсам дейм уулум деди апам.
Мен апамдын сөзүн эки кылбай макул болдум. Апам өзү издеп жүрүп, күйөөсү менен ажырашкан келин тааптыр. Тез эле бир туугандарым жардам берип, эки комнат времянка куруп алган элем. Мага тапкан келин экөөбүз жолугуп, жылдызыбыз келишип, он чакты адамды конокко чакырып, биз үйлөндүк. Жаңыдан жашоо баштадык, аялым намаз окуйт экен, мени да намаз окуңуз десе, көпкө чейин көнбөй журдум, намаз окуш мен учун аябай оор эле, жүрөгүм таш сыяктуу катып калган эле. Бара-бара ичкенимди таштап, классташ баламдын жардамы менен ишке кирдим.
Бир күнү аялым боюнда бар экенин айтканда, оозума таш тыгылып калгандай болду. Эшикке чыгып кеттим да, өлүп кеткен балдарым көз алдыма тартылып, аларды катуу сагыныпмын, өзүмдүн унум өзүмө угулбай, бакырып ыйлай берипмин. Качан гана аялым сыртка чыгып, мени жоошутканда гана өзүмө келдим. Көп өтпөй татынакай кыздуу болдум. Ишим жакшы жүрүшө баштады, мен ишкананын акчасын алып, дагы элге процентке бере баштадым. Дагы мурдагыдай жакшы жашоом башталды.
Тилекке каршы кызым бир жаштан өткөндөн кийин, капыстан ооруп,ооруканадан чыркыраган боюнча бул жашоону таштап кетти. Оорукананы башыма кийип ыйладым, кызым өткөнү аз келгенсип, апам да бул дүйнөнү таштап кетти. Эх Кудай мынча мени сынадын, ата энеми, аялымды, балдарымды алдың деп ыйлай баштадым. Бирок ичпедим, эч нерсеге көңүлүм жок, ишке барам, келем. Арадан көп убакыт өтпөй, аялым дагы кош бойлуу экенин угуп, кубанган жокмун, кубангандан корктум, эх Кудай, ушул төрөлө турган баламдын өмүрүн узак кыла көр деп, эшикке чыгып кеттим. Эшикте жамгыр жаап жаткан.
Эшикте басып жүрөм, каякка барарымды билбейм. Ушунча азапты башымдан өткөрүп, жинди болуп калбасам да, жиндиге окшоп жүрө бердим. Дагы балалуу болсом өлүп калса эмне кылам деп ойлоном. Эсиме бир классташ балам тушуп кетти. Ал биз отурган жерге такыр келбейт эле, мектепте окуп жүргөндө эле намаз окуп, мектепти бүткөндөн кийин, медресе окуп, дин жолунда жүрөт, ошол классташым Абдулла менен суйлошкум келип,дардымды айтып,сырдашкым келди.Туз эле үйүнө бардым,эшикти атасы ачып, үйгө кир балам деп үйүнө киргизди.Ары жактан эми эле намазын окуп буткон Абдулла, мени коруп, СубханАллах кош келипсин,азыр айтсам ишенбесең керек, бирок бугун сени негедир түшүмдө көргөн элем,жакшы келипсин, кир деп бир бөлмөсүнө киргизип, төшөккө отургузуп,азыр отуруп тур деп, нан, конфеттерди көтөрүп киргенде, эч нерсе албай келгениме уялып кеттим.
Бир убакта Абдулланын он беш, он алты жашар баласы чай көтөрүп келгенде,мен да бул дүйнөдөн өткөн балдарымды эстеп, ыйлагым келип араң турдум. Бул чоң уулум, уч уулум бар, экөө медреседе окуйт, буйруса үчүнчүсүн да жакында берем деп калды Абдулла чай куйганча. Ии кел досум кайсы шамал учурду деген суроосуна,негедир сени көргүм келди, сени менен сүйлөшкүм келди десем, ии жакшы келипсиң досум деп, балдары жөнүндө айткан сайын, көзүмө жаш тегеренгенин көрүп, ии кечир досум, сенин азабынды билбей сүйлөп алдым окшойт деди. Эч нерсе эмес Абдулла, мен да сени менен сүйлөшөйүн деп келдим эле, мага сырдаш бол, мени алаксыта турган сөздөрдөн айт, мектеп убагында да эсиңдеби, биз ката кылсак,туура жолго салам деп артыбыздан күйүп жүрөт элең.
Жол көрсөт мага, качанга чейин башым азаптан чыкпай жүрө берем, качанга чейин менин үйүмдө жаназа боло берет, качанга чейин балдарым өлө берет, качанга чейин жакшы кун көрбөй жашаймын, качан мен да той кылам деп өңгүрөп ыйлап жибердим. Абдулла мага карап,качан пешенен саждага тийгенде, качан гана Аллахты тааныганында рахат көрөсүң, ИншаАллах, өмүрүн Аллахты тааныбай өтүп кетип жатат, сага боорум ооруйт. Сага ачык айтам, дилиң оорубасын, башына ушунча азап жөндөн жөн келбеди, ошондо да сен Аллахты тааныбай жатасың,сен жашооңду башынан башта, көрөсүң,баары башкача болот, алгач сен Аллахка тообо кыл деп сүйлөп жатты Абдулла.
Абдулла бир топко чейин хадисттерден сүйлөп отурду. Мен аны оозумду ачып, уккан сайын, өзүмө өзүм ушунча өмүрүм өтүп кеткенине ичим ачышты, мартаба, бийлик, байлык деп жүрө берипмин, кайран өмүрүм, кайран балдарым, кайран үй-бүлөм деп дагы ыйлай баштаганымды көргөн Абдулла, болду эми ыйлаба, эми каталарынды ондоп жаша, биз канча жашайт экенибизди өзүбүз билбейбиз, бул жагына акыретке даярданышыбыз керек, акыретте алып барчу соопторду көбөйтүшүбүз керек дегенде, анын сөзүн угуп, башымды акыры силктим. Абдулланын ушул айткан сөздөрүн ушунча берилип угупмун, убакыт өтүп, шам болгонун байкабапмын. Мени Абдулла узатып чыкканда, үйгө өтүп кел деп чакырып, үйүнөн кетким келбей араң үйгө бардым. Таң аткыча Абдулла сүйлөп берсе да, уга бергим келди. Абдулла менен сүйлөшкөндө ушунчалык женилдеп калдым. Кеч киргенге чейин мен жок болгонума кабатыр болгон аялым, каякта жүрөсүз деп калды. Азыр кирем дедим да, даарат алып, биринчи жолу намаз китепти алдыма коюп, намаз окуй баштадым. Окуган сайын женилдей бердим, билсем билбесем да намаз окуй бердим.
Бир мезгилде аялым, туруң жайнамаздын үстүндө уктап калыпсыз дегенде гана турдум. Эртеси эле ишим жакшы болсо да, иштеп жүргөн ишимен чыктым. Намаз окугандан баштап, куштай жеңил болуп, намазга тойбой, беш маал намаз окуй баштадым. Дин мени такыр башка адамга айлантты. Эми мен бизнес кыла баштадым. Ким тообо кылса, намаз окуса Аллахым кылган күнөөңдү да кечирет турбайбы. Абдулла менин шам чырагым болду, жашоомо мазмун кирди. Азыр Кудайга шугур он үч жашар уулум, он жашар кызым бар. Уулумду жашынан эле, мени туура жолго салган Абдуллага динден таалим алсын, Аллахты таанысын деп бердим. Менин балдарым да мендей динди тааныбай өтүүсүн каалабадым. Мен Аллахка мага берген тагдырына ыраазымын, эгер ошондо менде ушундай сыноо болбогондо, дагы деле баткакка батып жүрөт белем? Ар бир сыноодо жакшылык бар экен. Инсандарга айтаарым, суткорлуктан алыс болгула, бул силерге береке эмес, балаа алып келет экен. Убагында байып, аябай көтөрүлүп кетсен да, акырында арам нерсени Аллахым бир күндө жок кылып коет.
Салтанат Митиева
Интернет булактарынан алынды