2020-жылы «Яндекс» издөө системасы аркылуу «карантин», «пропуск» жана «конституция» сөздөрүн эң көп издешкен. Бул тууралуу интернет-компаниянын маалыматына таянып РИА Новости кабарлады.

Ага ылайык, интернет-порталдын аналитиктери акыркы он жылдан бери «жылдын сөзүн» аныктап келишет. Алсак, 2012-жылы «мультиварка» деген сөз популярдуу болсо, 2015-жылы «тверк» (бийдин бир түрү) деген сөздү көп издешкен. Ал эми 2020-жылы «карантин» деген сөз көп колдонулган.

«2011-жылы колдонуучулар «Яндекс» интернет-порталынан планшет, купон тууралуу көп сурашкан. Андан кийинки жылы «мультиварка», «мем» жана «ультрабук» сөздөрүн көп теришкен. 2013-жылы «метеорит», «плейкаст» жана «промокод» деген сөздөр популярдуу болгон», — деп айтылат маалыматта.

2014-жылы Украинадагы окуялардан улам «майдан» деген сөзгө кызыккандар арбын чыкса, 2016-жылы колдонуучулар «Яндекс» порталынан «петиция», «вейп» деген эмне экенин сурашкан.

2017-жылы «майнинг», «криптовалюта», 2018-жылы «слайм», «каршеринг», 2019-жылы «рецессия», «люстрация» деген сөздөр популярдуу болгон.