Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган жарандардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруу максатында жана президенттике талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүттөө жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн бирдей камсыз кылуу үчүн төмөндөгүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоочуларды жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамына ылайык, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик саясий кызмат орундарын, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка толо элек адамдар, чет элдик жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз экендигин маалымдайт.

Ошону менен бирге, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, алардын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылары же мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жумушчулары тарабынан айрым талапкерлердин кызыкчылыгы үчүн административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануусуна да тыйуу салынат.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчы катары мамлекеттик же муниципалдык органда административдик кызмат ордун ээлеген, кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесипкөй кызматтык ишти республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде жүзөгө ашырган жана аларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тарткан Кыргыз Республикасынын жараны таанылат.

Ошондой эле эгерде мамлекеттик, муниципалдык уюмдардын (ишканалардын) жетекчилери жана алардын кызматкерлери тарабынан административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталса, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин жоболоруна ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.

Шайлоо алдындагы үгүтүндө, шайлоо мыйзамдарынын сакталышына, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарынын административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жана башка мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-ресурстар боюнча мониторинг жүргүзүүнү улантууда.