Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери менен ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

«Урматтуу улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Эгемендүүлүк жылдарында Мекенибиздин улуттук коопсуздук органдары бир нече жолу реформадан өттү жана бир катар сыноолорго туш болду. Ушул сыноолорго карабастан, аскердик кызматтын бардык кыйынчылыктарын көтөрүп, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин ак ниет жана мыкты аткарып келүүдө.

Бүгүнкү күндө көптөгөн коркунучтар жана чакырыктар болууда. Ошондуктан жарандардын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, терроризмге, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча артыкчылыктуу мааниге ээ болгон тапшырмалар менен милдеттерди ыкчам жана ийгиликтүү аткара турган күчтүү жана кесипкөй атайын кызмат керек.

Азыркы учурда улуттук коопсуздук органдары биздин өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү, жарандардын укуктары менен эркиндигин сактоо жана урматтоо баарынан жогору турарын көрсөтүүгө жана аны далилдөөгө тийиш.

Мамлекетибизди коргоого өздөрүнүн чоң салымын кошкон ардагерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Сиздер каармандыктын, эрдиктин жана Мекенибиз үчүн жанын аябай эмгектенүүнүн үлгүсүн көрсөттүңүздөр.

Кыргыз Республикасына кызмат өтөөгө бүт өмүрүн арнаган улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жана ардагерлерине чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакты-таалай жана бакубат жашоо каалайм!».