«Кыргыз Унаа Курулуш» заводу жакында электробустарды чыгара баштайт. Бул тууралуу аталган өндүрүш жайдын жетекчиси Абдуманап Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, электробустар дээрлик 70%га  даяр болгон.

«Биз ата мекендик өндүрүштү, экологиялык жактан таза электробустарды чыгарууну каалайбыз. Бажы жабык болгондуктан   автобустарды чыгаруу бир кыйла кечеңдеди. Эгер чек ара жабылбаганда эчак даяр болмок. Азыр автобустардын тышкы түзүлүшүн кураштыруу этабы гана калды. Буйруса жакында Кыргызстандын электробустары чыгарыла баштайт«, — деди жетекчи.

Булак: Медиасентр кж