“Идеялар кайдан келет? Кара жанды карч урган мээнет менен тынымсыз изденүүдөн гана. Анүчүн адам узак мөөнөттөр бою азапка батууга тийиш. Искусстводо түбөлүккө кала турган нерсе – ал, Чындык!”
ЧАРЛИ ЧАПЛИН
* * *
Доорлор алмашып, адамзат улам жаңы ачылыштарга ээ болуп жатса да эч качан эскирбеген, чаң баспаган дүйнөлөр болот. Андай аруу дүйнөлөрдү искусствонун Улуу үлгүсү катары карасак жарашат. Адам баласынын тээ түпкүрдө катылуу жаткан аялуу сезимдерин козутуп, керемет ааламга жетелеген сан түркүн көрүнүштөргө Чарли Чаплиндин жараткан тасмалары аркылуу гана күбө боло алабыз.
Дүйнө эли Чаплиндин образдарынан жан дүйнөнү жарып чыккан ачуу чындыкты аңдай алышат. Үстүндө үйрүп алаар кийими жок көчө селсаягынын образдары менен ал бет келген тоскоолдуктардан кыйгап өтөт. Теңирин тааныбай кутурган карасанатай адамдардан акыры чындык гана жеңет деп алдыга кадам таштайт да, чапчаң аракети аркылуу далилдей алат. Анын кийген кийиминен тартып баскан кадамдарына чейин күлкү коштосо да, эмнегедир ар качан көздөрүнөн ушул азаптуу дүйнөнүн акыры жалган экендигин ырастагандай муң басып тургансыйт…
Ал, адамдарга – аксымдыктан, ач көздүктөн, мерездиктен оолак болгула деген чакырык таштаган. Жер шарындагы бардык адамдар бай-кедейи белгисиз бирдей укукта жашаса деп тилечү. Анткени, өзү да бала болуп башына жүн чыкканы карды тойбой, азаптуу турмушту башынан өткөргөн жан эле…
     
* * *
Чарлз Спенсер Чаплин – 1889-жылдын 16-апрелинде Лондон шаарында жакыр үй-бүлөдө жарыкка келген. Чарлинин атасы да, апасы да мюзик-холлдо актёрлук жана ырчылык кесип менен алектенишип, эптеп кара курсактын камын көрүшчү. Чарли бир жашка толгондо акча табам деп атасы Америкага гастролго жөнөйт. Энеси Ханна күйөөсү алыскы сапарга кеткенинен пайдаланып мюзик-холлдо чогуу иштешкен Лео Драйден менен мамиле күтө коюп, ал ортодо андан балалуу да болгонго жетишет. Бирок, кашайып Лео Драйден алты айлык ымыркайды алып качып, дайынсыз жоголуп кетет. Муну уккан Америкадагы эри бир кездеги аялына жана кичинекей Чарли менен улуу агасы Сиднейге «эч кандай көмөк көрсөтпөйм!» — деп, караманча каршы чыгат.
Ханна чиркөө кызматкерлерине кийим тигип, эптеп эки баласынын курсагын тойгузам деп жаналекетке түшөт. 1894-жылы Ханнаны театралдык чакан топко кызматка алышат. Кайсы бир жолу сахнага чыгып ырдап жатканда Ханнанын үн түйүндөрү үзүлүп кетип, оюн токтоп калат. Ыңгайсыз жагдайда калган энесин сактайм деген кичинекей Чарли көшөгө артынан чыга келип, калың топко ыр аткарып алкыш угат.
Турмуш аларды жарды жашоо менен аябай кыйнады. Эки баласын эптей албаган Ханнанын айласы куруду. Чарли улуу агасы Сидней экөө канчалык энесинин көңүлүн көтөрөлү деп колдон келген бардык аракетти көрүшсө да, үйү күлкүгө толбой ый угулду. Кырсык аларды тооруду. Шоруң каткыр Ханнанын жан дүйнөсү жабыркап, психиатриялык ооруканага жатып калды. Кайда барышаарын билбеген эки бала жетимдер үйүнө туш келди. Акыры ооруканадан сакайып чыккан соң Ханна үй кызматкери, андан кийин эки баласы менен Метли-стритте иштей баштайт.
Чарли ал кезде бар болгону тогуз жашар бала эле. Төрт-беш жыл өтпөй Чарли «Ланкаширлик сегиз балакай», «Шерлок Холмс» сыяктуу спектаклдерде көрүнүктүү ролдорду жаратты. 1906-жылы Чарли «Кейсинин цирки» деген чакан топко кирди. Кийинчирээк ушул театрдагы ишмердүүлүгү туурасында Чарли: «Бул театрда мен аябагандай куудул элем. Эл менен пикир алышканга, сүйлөгөнгө жок болчумун. Мен бар болгону ал жерде айтайын деген оюмду кыймыл-аракетим аркылуу жеткирчүмүн» – деп эскерген.
Андан кийин Фред Карнонун тобуна ишке алынат. Ал жерде Чарли ырдап-бийлеп, акробатикалык номурларды аткарып чыга баштады. 1910-жылы «Эр жүрөк Джимми же жаш каарман» деген спектаклде башкы ролду аткарат. Мына ушул спектаклди көрүшкөн театр сынчылары Чарлинин тубаса жөндөмүн байкашты. Фред Карнонун тобу менен эми Чарли Америкага сапар алды. Спектакль Америкада да көрүүчүлөрдү кыйла тамшандырды. Журналисттер Чарлини еврей үй-бүлөсүнөн чыккан актёр экен деп жазып чыгышты. Биограф Д.Робинсон кийин Чарлинин ата-жотосуна чейин дыкаттык менен изилдеп чыгып, актердун канында атасы тараптан да, апасы тараптан да эч кандай еврей каны жок деп далилдеп чыкты.
* * *
1912-жылы кайрадан Америкага экинчи жолу гастролго барат. «Мюзик-холлдогу англис кечесине» көрүүчү катары келген америкалык комедиянын негиз салуучусу Мак Сеннет Чарлиге кинокомедияга тартуулуну сунуштап, «Кистоун» фирмасы аркылуу жумасына 150 доллар төлөйбүз деп келишим түзүшөт. Чарлинин алгачкы фильми «Көртирликтин камын көрүү» деп аталат. Чарлинин алгачкы ролун көрүшкөн Мак Сеннет жана фирманын жетекчилери америкалык фильмде англис салты аралашып, жаңыча көз карашты жараткандыгын моюнга алышты. Эми жетекчилер Чарлиге режиссер да, сценарист да болгонго мүмкүнчүлүк беришти.
1914-жылы «Мейблдин чындыкка коошпогон ыңгайсыз учурлары» тасмасында элден өзгөчөлөнгөн кыска муруту, күлкү келээрлик кийими менен экранга чыгат. Күн санап көрүүчүлөрү көбөйүп, зор алкышка ээ болду. Буга чейин Чарлинин жеке көз карашын кабыл албаган кежир режиссёрлордон тажап, эми өз алдынча сценарий жазып, режиссёрлук кылууну көздөдү. «Кинстоун» фирмасынан өзүнүн «Нөшөр менен» аттуу алгачкы тасмасын элге тартуулады.
1915-жылы чикаголук «Эссеней» фирмасынан 12 фильмди тартты. Алардын арасына калың журттун сүймөнчүлүгүнө арзыган «Чемпион», «Селсаяк», «Аял», «Мюзик-холлдогу кече» аттуу фильмдер кирет. Мына ушул үнсүз комедияларда Чарли алсыз, ишенчээк, таянаар тоосу жок кедей жашаган адамдардын образын берип, ошол эле учурда анын каарманы өз максатынан тайбаган өтө шамдагай жана өжөр адам катары сүрөттөлөт. Анын каармандары адилеттүүлүккө жар салып, кара ниеттикке каршы айыгышкан согушту жарыялайт. Чарли фильмдеринде банкир, маляр, кайырчы, дыйкан, алтургай, полиция кызматкери да болуп элге ажайып элестерди тартуулайт.
Аталган фирманын келишим мөөнөтү аяктаганда Чарли эми 150 миң долларга келишим түзгүсү келет. «Эссеней» фирмасы бул баага көнбөй койгондуктан «Кармен» фильмин аяктап туруп, Нью-Йорктогу бир тууган агасына келет. Бир тууганы Сидней ал кезде Чарлиге карата айтылган бардык сын-пикирлерди кабыл алган жана кинокомпаниялардан түшкөн жаңы келишимдерди көзөмөлдөгөн кеңсе ачкан эле.
Нью-Йоркко келген Чарли өзүнүн жараткан тасмалары эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгонун байкайт. «Таймс» гезити «Чаплин «Мьючуэл» фирмасы менен 670.000 долларга бир жылга келишим түздү» деп жазып чыкты. Баштан өткөн бардык азап-тозок, ач калган күндөр менен эми түбөлүккө кош айтышты. Заматта ааламга аты чыгып, дүйнөнүн бай адамдарына айланып чыга келди.
«Мьючуэл» фирмасынан тартылган «Универмагдын текшерүүчүсү» аттуу биринчи фильми Чарлиге бул ирет да чоң ийгиликти тартуулады. Каржала иштеген неме ар бир айда бирден фильм жаратып атты. «Өрт өчүргүч» «Селсаяк», «Түн бир оокумда», «Граф», «Экран артында» деген фильмдерди сунуштады. «Мьючуэл» фирмасында иштеген жылдар ал үчүн аябагандай жемиштүү жылдардан болду.
Кийинчирээк Чарли: «Мен ал кезде 27 гана жашта элем. Алдыдагы тагдыр мага табышмак болду. Жакынкы аралыктарда мен миллионер болуп калам деген капарыма да келбеген. Акчалар суудай агып атты. Ооба, атак-даңк, ийгилик деген нерселер адамды заматта өзгөртүп коет тура» – деп эскерген. Чарлинин эми жеке секретары, лакейи, автомобили жана шоопуру пайда болду. Акчага жетпеген азаптуу тагдыр эми биротоло кол булгалап артта калган эле.
* * *
1918-жылы «Ит турмуш» деген фильми жарык көрдү. Кино таануучу Луи Деллюк ушул фильмди көрүп туруп: «кинематография тармагындагы эң алгачкы жаралган искусство» деп жогору баасын берди. «Ит турмуш» тасмасы аркылуу Чарли үй-жайсыз селсаяктын тамак-ашы жок ачка калып, бу өмүрдө акыйкат жашоо жок тура деп бирде үмүтү үзүлсө, бирде үмүтү үзүлбөй жашоодон жарык шоола күткөн адамдын оюн айтууга далалат кылган.
* * *
Чарли 1918-жылы 23-сентябрда 14 жаштагы Милдред аттуу актриса менен турмуш кура баштады. Турмуштун өйдө-ылдыйына туруштук бералбаган эки жаш Норман аттуу уулдуу болушат. Норман үч күнгө жетпей чарчап калган соң экөө эки тарапты карап, ажырашып тынышты. Турмуш мурда Чарлини ачка калтырып сынаса, эми байлык берип сынай баштады. Чыгармачылыгы убактылуу токтоп, көңүлүнө бүлүк түштү. Мурда бир жылда он бешке жакын картина жаратканга жетишсе, эми 1919-жылы «Күн тийген тарап» «Сайран куруу» деген эки гана фильмди тартканга араң жарады. 1920-жылы Чарлинин жараткан картиналарынын арасынан мыкты делген «Балакай» жарыкка келди. Ушул фильмге 300 миң доллар сарптап, айрым эпизоддорду жүз жолу кайталап атып тартты.
1923-жылы америкалык атактуу делген Дэвид Гриффит, Мэри Пикфорд жана Дуглас Фэрбенкс менен бирдикте «Юнайтед артистс» деген кинокомпания ачып, «Париждик айым» деген эмгеги чыкты. Фильмде Чарли бар болгону автобекеттеги жүк ташыгычты аткарып, бар болгону бир гана эпизоддо көрүүчүлөргө көрүнөт. Ошол бир эпизоду менен жалпы көрүүчүлөр өмүр бою эстеринде сактап калды. Киносынчылар аң-таң болушуп, Чарлинин талантына таазим этишти да «гений» деген баасын беришти.
* * *
Чарлинин жеке турмушу аябагандай оор сыноолорго тушукту. Кино аянтынан 15 жашар Лита Грэй менен тааныша коем деп кутулбас куяга калды. Кош бойлуу болуп калган Лита Чарлини сотко бергенге далбас урду. Эгер каршы чыгып албай турган болсо, Чарлини алдыда 30 жылдык түрмө күтүп турган. Аргасыз баш кошкон неме Сидней жана Чарли аттуу уулдуу болушту. Акыры пикирлери келишпей ажырашып тынышты. Лита Чарлини сотко бергенге кам урду. Соттон качкан Чарлини коомчулук акыл–эсинен айныды, өзүн өзү өлтүргөнгө аракет кылып атыптыр деп гезит беттери аркылуу ушак–айыңдарды таратышты. Лита сотто Чарлини таш боор жана абийирсиз деп айыптады. Лита 42 барактан турган Чарли тууралуу баянын бир канчалаган нускада көчүрмө жасатып, кимде ким карагай менен дубалдарга жабыштырса 25 центтен алат деп жар салды. Литанын айтымында Чарли үй ичинде өзүн начар алып жүрөт, беш ойношу бар, ошол беш ойношу менен бирдикте чогуу жыныстык катнашка барат деген жалааны жапканга аракет кылган. Сотто Лита Грэй утуп чыгып Чарлиден миллион долларга ээ болот. Чарли катуу ооруп, бейтапканага жатат. Ошол эле учурда анын акыркы фильмдерин көрүүчүлөр зор тамшануу менен көрүп атышты. Бейтапканадан заматта чачы агарып, өңдөн азып чыкты.
1928-жылы ар дайым комедиялуу фильмдерди жараткан актер «Цирк» аттуу фильмди жаратып, анда циркке кокустан туш болгон башкы каарман турмушта да, сүйүүдө да жолу болбой бийиктикте турган кыл аркандан басып баратса туш-тараптан талаган маймылдар бутунан тиштеген эпизоддорду кошту. Мына ушул көрүнүшү аркылуу ал өзүнүн жан дүйнөсүнө түшкөн бүлүктү эң сонун чагылдыра алды.
* * *
1940-жылы ал «Улуу диктатор» тасмасы аркылуу Экинчи Дүйнөлүк согушту баштап, адамзаттын башына оор кайгыны үйгөн Адольф Гитлерди шылдыңга алат. Бул фильмиң үчүн өмүрүңөн да ажырап калышың ыктымал деген кепке карабай тартып кирет. Фильмдеги Хинкель глобусту кармап ары-бери айландырып аткан көрүнүшү менен ал Гитлерди ач көздүктүн айынан жер шарын кошо тегереткиси келип атат деп айткысы келген. Дегеле Чарлинин эмгектери адамды абийир менен намыска, адал эмгекке шыктандырып, кара ниеттике каршы күрөш жүргүзгүлө деп үндөйт.
Чарли 1943-жылы 15-июнда 17 жаштагы Уно О’Нил менен турмуш куруп, тогуз жыл өткөндөн кийин 1952-жылы Американы биротоло таштап, үй-бүлөсү менен кошо Англияга көчүп кетет.
1971-жылы Канндагы фестивалда атайы приз берилип, чыгармачылыгы жана искусствого кошкон зор салымы үчүн Легиондун ордени менен сыйланат. 1972-жылы Венецияда өткөн эл аралык кинофестивалда «Алтын арстан» сыйлыгы ыйгарылат. Ошол эле жылы америкалык киноакадемия кеч болсо да түшүнүп, кинематографияга кошкон салымы үчүн деп «Оскарды» тапшырышат. 1973-жылы «Рампанын оттору» фильмине кайрадан «Оскар» ыйгарылат. 1974-жылы Англияда ханыша атайы кабыл алып, рыцардык наам ыйгарат.
* * *
Ал көзү тирүүсүндө эле уламышка айланган. Америкалык Коомчулуктун пикири деген Институт жер бетиндеги эң белгилүү үч атактуу адам деп Ыйса пайгамбарды, Чарли Чаплинди, анан Наполеон Бонапартты атаган.
Жер бетинде сүйүү менен боорукерликтин орношун тилеген Чарли Чаплин өмүрү өткүчө 80ге жакын картинада катышып, 1977-жылдын 25-декабрында акыретке аттанган. Сөөгү англиялык Веве чиркөөсүнө караштуу көрүстөндө жерге берилген.
Айтылуу кинорежиссёр Федерико Феллини: “Чарли – ачык айтканда, чыгармачылыкта кудум Адам сыяктуу. Ал, селсаяк да, ак сөөк да, пайгамбар да, акын да!” – деп баса белгилеген…
ДАНИЯР ИСАНОВ
2014-жыл. Ноябрь.