ЛИРИКА
ТААЛАЙЫМДЫН ТАҢ НУРУ
Жүлүнүмө шербет төгүп күлөсүң,
Жийде барик шуудурашы мүнөзүң.
Мен өзүңдү тумар кылдым өмүргө,
Мен жөнүндө кандай ойдо жүрөсүң?..
Чакырымдар чаалыктырат ортодо,
Чакырсаң сен айлангым бар жоргого.
Токтолбостон кетким келет азыр да,
Тообо, тообо деймин, аттиң, болбойт го?!.
Казабына баш ийбеген тагдыры,
Кимди өрттөбөйт махабаттын тандыры.
Таарылайын, тайгылайын сени издеп,
Таалайымдын болсоң болду таң нуру!
ЖАРАЛГАН ДЕП БАКТЫМА
Өзүң болдуң көкөлөткөн көңүлдү,
Эстен тайып эңшерилип турганда.
Өргө сүрөп өзгөрүлмө өмүрдү,
Өзөгүмдө өкүт сайран курганда.
Чырайыңды көрө албадым башкадан,
Чачкансыйсың мээримиңди ийип сен.
Канат күүлөп ак мөңгүлүү аскадан,
Учкум келди ушу бүгүн бийикте.
Турмушта бул ийбеген баш тагдырга,
Ашыгыңмын, мейли жактыр, жактырба.
Дилимдеги ыйык ойду туу тутам,
Дал өзүңдү жаралган деп бактыма!!!
КЕЧИГИП КАЛДЫҢ ДЕБЕ?!.
Жылдыз жыш бүгүн айыл асманында,
Жымжырттык. Бейгам жуушайт үлдүрөп түн.
Өбөктөп ачык турган терезеге,
Санааркап, сен тууралуу ойго чөктүм.
Сага али айта элекмин “сүйөмүн” деп,
Уялчаак мендик мүнөз болуп тоскоол.
Саргайып үмүт чиркин күзгү барик,
Сезимди билдирүүгө табалбай жол.
Өзүңдү сүйүп калган күндөн бери,
Сары санаа көлөкөдөй коштоп келет.
Бир сезим жүрөгүмдү эзип салды,
Элесиң кайра-кайра түшкө кирет.
Ойлорду жан дүйнөмдө алпурушкан,
Байкабай… алыстайсың күндөн-күнгө.
Болуптур, тартайын бүт азабыңды,
Бирок да, “эх, кечигип калдың” дебе?!.
УЛГАЙГАН МАХАББАТ
Күүгүм үйлөп күйгүзгөн ойлорумду,
Көктөн учкан бир жылдыз илип кетет.
Кечиккен жолоочудай тереземден
Тентек жел сурабастан кирип келет.
Шамал өпкөн эриним чоктой ысып,
Этегине санаамдын чалынамын.
Коломтодой бозоруп, муздап калган,
Өчкөн качан сүйүүмө кабыламын.
Шаңдуу чыкчу мурдакы музыкам жок,
Шонтсе деле үмүтүм улантайын.
Уучтап алып өткөн күн берметтерин,
Улгайган махабатым кубантайын…
МАХАБАТ ДЕГЕН ЫРДЫ…
Кербени бул күндөрдүн узайт улам,
Кайгынын тоодой жүгүн артып алып.
Күлкүдөн калган жалкып каректерге,
Кусанын сүрөтүнү тартып алып.
Каалагын, каалабагын экинчи ирет,
Алоолоп чатырабайт, күйбөйт денең.
Кубангандан ыйлаган күндөрүң аз,
Бакыттын баасы шончо кымбат белем?
Буулугуп тоодон ашып келген илкип
Булуттун жүрөгүнү шамал айрып.
Максатсыз тигилемин дептериме,
Махабат деген ырды ичтен кайрып…
БОЛУП КЕТЧИ КОНОГУМ?!.
Ушул түн болуп кетчи сен коногум,
Сөздөрдөн жоолук токуп берейинчи.
Түгөнбөс айтып берчү бар жомогум,
Түн бою ырлар окуп берейинчи.
Төгүлүп шарап сындуу агайынчы,
Сүйүүнүн шам чырагын жагайынчы.
Жүлүндө каным болуп аккан ысмың,
Жүрөккө тумар кылып тагайынчы…
Ашалбай жүргөн белди ашайынчы,
Арзуунун айылында жашайынчы…
Өмүрдө издеп таппай жүргөн ырым
Өзүңө арнап бүгүн жазайынчы…
Шү бүгүн болуп кетчи сен коногум?!.
БЕЙТААНЫШ
СУЛУУГА
Жоголсоң болуп табылбас
Жолуктуң неге, карындаш?
Азапка салып койдуң да,
Арманым болдуң айыкпас.
Кеч кирип, кайра Күн чыгып,
Өзүңдү ойлойм тумчугуп.
Комуздай шыңгыр үн менен,
Койбойсуң неге унчугуп?
Түңүлтпөй дайым эстеткен,
Түш болдуң ойдон кетпеген.
Кызжибек – кызыл үмүтүм,
Төлөгөн — өзүм жетпеген.
Жоогазын – жоодур элесиң,
Жолугуп колуң бересиң.
Ойгонсом, аттиң, түш болуп,
Үзөсүң ойдун желесин.
Айланттың ай кыз делбеге,
Же менде өчүң бар беле?
Жароокер, асыл карындаш,
Жолукпай койсоң эмине?!.
СУЛУУГА
Саманчы жолу сыңар,
Саамайын алган жиктеп.
Санаалар сапырылат,
Садагам, сени тиктеп.
Купуя сырың ичте,
Көзүңдөн билинбеди.
Эмен бак баригиндей,
Эриниң дирилдеги.
Көөлөмдө соккон желге,
Көкүлүң сапырылып.
Көөдөндү куйкалаган,
Көздөрдүн өртү сенде.
Качандыр артып алып,
Колдорум моюнуңа.
Жаз гүлдөй жагалдантып,
Жашырам коюнума…
СҮЙҮҮ ДАРАГЫ
Карлыгачым, илебиңди сагындым,
Кан дүргүткөн жалгыз ууртам винодой.
Камыгамын эстеп алып өткөндү,
Качанкы бир эсте калган кинодой.
Эринбеген мезгил бизди карытып,
Эчен ирет өзгөрттү жер көйнөгүн.
Боздоп калган сүйүүнүн боз торгою,
Бошоп калган вино куйган чөйчөгүм.
Жука тартып өмүрлөрдүн барагы,
Жарымдаган махабаттын шарабы.
Бетте бырыш, чачыбызда ак бубак
Болсо дагы, жапжаш сүйүү дарагы…
КАЙДА ЭМИ…
Акырын басып келдим алдыңа мен,
Айра таанып аламандын чок ичинен.
Селт эткиздиң, сел-жылдар өтсө дагы,
Сүрөттөй мурас калган да-Винчиден.
Азыр жок ал кездеги өрттүү көздөр,
Айтылбас ошондогу оттуу сөздөр.
Ууру мезгил уурдаптыр чырайыңды,
Кайда эми шок мүнөзүң шайыр, сөзмөр?..
МЕНИКИ ЭМЕС…
Өзүңө окшош кыздарды көп көрөмүн,
Бирок, сага бирин да окшото албай.
Сен тууралуу сезимде калган түнөп,
Элестерди, эзилем, токтото албай.
Пери кыздар көп өтөт көз алдыман,
Бирок, шыңгыр күлкүлөр сеники эмес.
Көздөрүнө кыздардын ууру карап,
Күлөм, бирок, ал күлкү меники эмес.
СЕН – МЕНИН ЭВЕРЕСТИМ,
ЭЛЬБРУСУМ!
Буюрбаптыр бир жүргөңдү күн кармап,
Бир өзүңө ырдан далай гүл арнап.
Сенин, менин жолдорубуз жолукпай,
Сүйүүбүздү кылдык окшойт жүгармак.
Башка салган тагдырдын тартып жүгүн,
Баарлашпай калганбыз биздер бүгүн.
Багы ачылбай мөлтүрөк сезимдердин,
Бапестебей калганбыз сүйүү гүлүн.
Сук көздөрдөн канча ирет кызгангамын,
Сугум түшүп, суктанып ыр жазгамын.
Ууртуңдагы уячаң унутулбай,
Жүрөктөсүң дагы эле кызгалдагым.
Эстесем сени зырп дейт жүрөк тушум,
Эстейсиңби сен дагы, аппак кушум?
Туу чокусун багынта албай калган,
Сен – менин Эверестим, Эльбрусум!..
ЭЛЕГИЯ
Ууз күлкүңдү ууртуңдагы өбөйүн,
Ак арзуума чырайыңды бөлөйүн.
Көкүлүңдү өпкөн желден кызганып,
Көз жашыңдын тамчысына чөгөйүн.
Ойлорумду чачылган жыйнай албай,
Ойдо жокто жалп өчкөн чырагдандай.
Жол караймын үмүттүн кулу болуп,
Жашыгым келсе дагы ыйлай албай.
Кантейин, моюн сундум тагдырыма,
Кайрымсыз махабаттын тардыгына.
Кабарыңды капыстан тапкым келет,
Кайыл болуп заматта баардыгына.
Асылзатым, өзүңсүз аалам тардай,
Айсыз түндө чырактаймын жанып, жанбай.
Өр талашып келемин, өзүңдү издеп,
Өзүңдө өмүрүмдүн гүлү бардай.
Таалайсыз тагдырыма коноктоймун,
Тапмайын өзүңдү мен оңолбоймун.
Сүйүүмдү ырга чылап жөнөтөмүн,
Сүйүктүүм, колго тийсе окуп койгун.
КҮБҮЛДҮМ
Шиңгилиндей шипширин ак жүзүмдүн,
Шагыңды ийсем, кокусунан үзүлдүң.
Сулуулугуң сезимдерге өрт коюп,
Сирень гүлдөй апрелдеги күбүлдүм.
Каштай тунук, мөлтүрөгөн булагым,
Кабарыңды желаргыдан угамын.
Жүзүңдү өөп кеткен желден кызганып,
Жүз жыл бою ичим тарып турамын.
Ышкым жанып, ызасыны каталбай,
Ырларыны сага арнаган айталбай.
Башты сайып, чокусуна сүйүүнүн
Барган менен кайра артына кайталбай.
Айт дарегиң, арзуу арткан чырагым,
Ашууда өскөн кызыл гүлүм, бурагым.
Азабымды унутуп айтып бүткүс,
Аттын башын сен тарапка бурамын…
СЕН, КУДАЙДЫН КАТЫСЫҢ!
Бир сап ырдай канат – каштарың,
Жебесинен кулай жаздадым.
Кыл калемдей кирпиктериңдин,
Токоюнан өзүмдү издедим.
Гүлдү сүйгөн булак сыңары,
Саамайларың – жүрөк тумары.
Седеп тишиң – бир жуп рубаи,
Жанаштырсын сага Кудайым!
Сен сулуунун суксур, назысың,
Сен Кудайдын мага катысың!
СӨЗДӨРҮМ…
“Сүйөм!” дебейм, каректен, бирок,
Тоголонот тунук махаббат.
“Кучагыма келчи!” дебеймин,
Колдор – сага жайылган канат.
“Сагындым!” деп айтпайм жогуңда,
Карек нурум дайым жолуңда!
Сездирбеймин, салсаң азапка,
Жүрөгүм да сенин колуңда!
“Түшүнсөңчү?!” десем болмок, ов,
Ансыз деле жүда өзгөрдүм.
Улгайдым мен, бирок, укпадың,
Айта албаган асыл сөздөрүм.
… Көзүм менен айткан сөздөрүм!
КОШТОШУУ
Кетпесинчи куру колдоруң,
Аманатың ала кеткиниң.
Аңдай жүрсөң болду, болгону –
Ашыглыктын албуут эпкинин!
Кызганычтан куурулган жүрөк,
Серппегиниң эми кашыңды.
Санааларым алгын! Калтырып
Сабыр аттуу оор ташыңды?!
Менин бейжай, бейбаш дүйнөмдү
Түшүнбөдүң! Мейли, түшүнбө!
Аңдабадың чындап сүйгөндү,
Көрбөйм эми сени түшүмдө!
Эзилбеймин. Кайтып келбе эми,
Кайгы тартып, азап чекпеймин!
Ышкы – илдеттен азатмын эми,
Дүйнө кезип, тентип кетпеймин!
… КУСАЛЫК
Арнаган мен өзүңө ырларымды,
Ашыкпай окуп чыгам кайра баштан.
Эми жок ошондогу оттуу сезим –
Экөөбүз бир кезекте жазган дастан.
Экөөбүз жазган сүйүү дастанында,
Кусалык жатат чексиз, кучак жеткис.
Жылт эткен кубанычтуу ирмемдер бар,
Жүрөк токтоп, өлмөйүн эстен кеткис.
Сага деген ак сезим өчпөй келет,
Сабалап өттү мезгил андан бери.
Өксүтүп өтүп кетти өрттүү кездер,
Өмүрдүн бал таттырган ирмемдери.
Айланып күңдөр айга, айлар жылга,
Ашуунун арт жагында карылык бар.
Өмүрдүн билиги улам кичирейет,
Армандуу ашыглыктан калтырып зар.
Кош, сулуу! Эми биздин жолдор айры,
Тагдырлар кетти бөлүп… Айла барбы.
Кууратып ошол күндөн ушул күнгө,
Кусалык жүрөгүмдө түнөп калды…
ҮМҮТ
Бир күн өзүң эске түшүп, деңизи
Жандүйнөмдүн алай-дүлөй чайпалса.
Элес албай жолдун таштак, тегизин,
Издеп сени тапсам эгер таң калба.
Бир күн сени эстеп алып, чачтарым
Кууга айланса көз ирмемде, заматта.
Элес албай жолдун түзүн, тайгагын,
Эркем, сени эңип кетсем таң калба.
Анткени сен соолубайсың мен үчүн,
Ошондогу тунук, назик бойдонсуң.
Баратсам да улгайып мен, жүрөктө
Соолубас түк гүл өстүрүп койгонсуң.
Арзуум болуп жашай бергин, жүзүмдү
Каптаса да карылыктын бырышы.
Ишенемин көрөөрүмө жүзүңдү,
Тоскоол эмес мезгилдердин жылышы.
Сен жөнүндө ойлор бийлеп, дилимде
Сага арналган тунук саптар жаралар.
Жолго тиккен көздү күндүн биринде,
Жолугушуу жүрөктөрдү дабалаар?!.
* * *
Таң атып, атып-атпай кирет күүгүм,
Талыкпай, тажабастан сени күттүм.
Жалындап сага деген тунук сүйүүм,
Жашоо бул арналганбы күтүү үчүн?
Багындым жараткандын жарлыгына,
Баш ийип тагдырымдын тардыгына.
Күн – айга, айлар – жылга алмашса да,
Күдөрүм үзүлбөдү караманча.
Сүзүп келем кусалык деңизинде,
Себеби, жалгыз өзүң сезимимде.
Сагыныч бийлеп турат иреңимде,
Сагынтпай кактап кетчи илебиңе?!
Бакыттын балын татсак деймин бирге,
Оо Кудай, жетээр бекем тилегиме?..
1984.
Акын Абдиллабек АВАЗОВ