Бишкек шаарынын ИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан экстремизмди алдын алуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте “Коопсуздук үчүн бирге” аттуу иш-чара өткөрүлүп, Бишкек шаарынын тургундарынын арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын биргеликте жүргүзүү керектиги баса белгиленди.
 
Иш-чараны жүрүшүндө “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү тууралуу» Мыйзамынын талаптарына ылайык, Экстремисттик аракет –бул коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын же жеке адамдардын төмөндөгүлөрдү пландаштырууга, уюштурууга жана ишке ашырууга багытталган аракеттери экстремисттик болуп санала тургандыгы да айтылды.
Анын ичинде конституциялык түзүлүшүн өзгөртүү жана бүтүндүгүн бузуу, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун бузуу, бийликтин ыйгарым укуктарын тартып же ээлеп алуу, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрүн түзүү, террористтик аракеттерди жүзөгө ашыруу, рассалык, улуттук, социалдык же диний араздашууларды козутуу, улуттук ар-намысты кемсинтүү, идеологиялык, саясий, рассалык, улуттук жүйөлөрү боюнча массалык тополоңдорду, ээнбаштык аракеттерди жасоо, уурдоо, талап-тоноо жана социалдык, рассалык, улуттук, динге же тилге тиешелүүлүгү жагынан жарандардын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемдигин пропагандалоо аракеттери мыйзамды бузгандыгы болуп эсептелет.
Ошондой эле экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикаларын пропагандалоо, таратуу, жайылтуу. Өлкө аймагында тыюу салынган, экстремисттик жана террористтик деп табылган 19 уюмга тиешелүү, мындан сырткары экстремисттик деп табылган С.Бурятскийдин аудио, видео лекциялары, ошондой эле Ш.Хакимовдун “Сабиль жана Субуль” аттуу эки томдук китеби бар, жана деструктивдүү деп таанылган “Мун” чиркөөсү бар. Жогоруда аталган уюмдардын символика жана атрибутикаларын, тыюу салынган уюмдардын илеологиясын камтыган аудио, видео жана жазуу материалдарын социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу таратуу, жайылтуу же болбосо жактыруу белгисин басуу, аны башка адамдар менен бөлүшү, жана колдоо ирээтинде коментарий калтыруу, экстремисттик иш-аракет болуп эсептелери да эскертилди.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы эскертет: Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесине ылайык:
1. Рассалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же рассалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын пропагандалоо, же ачык жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамдарынын жардамы менен жасалса кылмыш иши. (5 жылдан, 7 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат)
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: Өмүргө жана ден-соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса, 7 жыл 6 айдан, 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренесине ылайык :
1. Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же берип жиберүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, ошого тете экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамы аркылуу пайдаланууга 2 жыл 6 айга чейин, эркинен ажыратуу жазасы каралган.
2. Төмөнкүдөйжасалган ошол эле жосундар: Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан чет өлкөлүк коомдук бирикмелер, диний, же болбосо башка уюмдардан же чет өлкөлүк жарандардан алынган каржылык же башка материалдык жардамды колдонуу менен жасалган болсо 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын кызматкерлери иш чарага катышкандардын бардыгына бул багыттын маанилүү экендигин жана жарандардын коопсуздугу үчүн учурда баардык чаралар көрүлүп жаткандыгын белгилөө менен Бишкек шаарындагы бардык уюмдардын арасында ушундай иштер байма бай жүргүзүлүп жаткандыгын да белгилешти.
Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы