Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды, — деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

   

Маалыматка ылайык, туристтик сезон Чуңгурчак тоо лыжа комплексинде ачылып, маданият министри Нуржигит Кадырбековдун, Казакстандын, Россиянын, Тажикистандын жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, өнөктөштөр жана эс алуучулардын катышуусу менен өттү.

Салтанаттуу ачылышта министр Нуржигит Кадырбеков келген меймандарга көңүлдүү маанай жана Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды.

Ачылыш аземге туристтик тармакты колдогон өнөктөштөр тарабынан бир катар баалуу белектер тапшырылып, иш-чара жогорку деңгээлде өттү.

Белгилей кетсек, кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Андыктан, бул багытта алдыда аткарыла турган көптөгөн иштер пландалып жатат.